Том 16, № 1, 2024 / Барактар 95-99

Кыргыз Республикасынын аймагында бөлүнүп алынган Brucella штаммдары боюнча салыштырма мүнөздөмө

Кабыл алынган убакыт 18.10.2023
Түзөтүлгөн 09.02.2024
Кабыл алынган 22.03.2024

Аннотация

Макалада Кыргыз Республикасынын аймагында бруцелла штаммдарынын адамдар жана айыл чарба жаныбарларынын арасында таралышы боюнча маалыматтар келтирилген. Ар кайсы авторлор тарабынан жүргүзүлгөн молекулярдык-генетикалык анализдердин натыйжалары боюнча адамдардан бөлүнүп алынган бруцеллалар B. melitensis түрүнө гана таандык экени аныкталды, айыл чарба жаныбарларынан бөлүнүп алынган изоляттар бруцелланын эки түрүнүн тең циркуляция болуп жатканын көрсөттү. Кой эчкилерден алынган 443 штаммдын 427си (96,3%) B. melitensis жана 16 (3,6%) штамм B. abortus катары аныкталган. Ийри мүйүздүү малдан алынган бруцелланын 30 штаммынын түрү боюнча 11 (37%) B. abortus жана 19 үлгү (63%) B. melitensis катары классификацияланды. Ошондой эле B. melitensis бодо малга жана B. abortus кой эчкилерге миграция болору жөнүндө маалыматтар берилди. Ал эми адамдардан бөлүнүп алынган толук геном тизмегинин натыйжалары  боюнча B. melitensis түрү аныкталды жана бруцеллездун козгогучунун штаммдары Түркмөнстан, Туркия, Ирандын штаммдарына эң көп окшоштугу бар Чыгыш Жер Ортолук деңизинин өлкөлөрүндө жүргөн штаммдары менен бирдей экендигин көрсөттү

Негизги сөздөр

бруцеллёз; генотиптөө; Brucella melitensis; Brucella abortus; Кыргызстан

Цитаталоо

APA Style
Kazybaeva, J., Bekturdiev, K., Kydyshov, K. & Nurmatov, Z. (2024). Comparative characteristics of Brucella isolated in the Kyrgyz Republic. Eurasian Health Journal, 16(1), 95-99. https://doi.org/10.54890/EHJ-2024-1-95
Copied!
Vancouver Style
Kazybaeva, J., Bekturdiev, K., Kydyshov, K., Nurmatov, Z.. Comparative characteristics of Brucella isolated in the Kyrgyz Republic. Eurasian Health J. 2024;16(1):95-9. https://doi.org/10.54890/EHJ-2024-1-95
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар