Том 16, № 2, 2024 / Барактар 179-182

Бешик ырлары – гармониялуу өнүгүүнүн башаты

Кабыл алынган убакыт 30.11.2023
Түзөтүлгөн 03.04.2024
Кабыл алынган 09.05.2024

Аннотация

Бешик ырлары дүйнө элдеринин дээрлик бардыгынын элдик оозеки чыгармачылыгында кездешет. Бешик ырлары аткарылыш мүнөзү жагынан  ымыркай наристеге арналат. Негизинен баланын энеси тарабынан аткарылат. Бешик ырларынын мазмуну, тематикасы наристенин ата-энесинин турмушунан да кабар берет. Бешик ырлары обонго салынып, жагымдуу үн менен коштолот. Макалада кыргыз балдар фольклорунун жанрдык составынын бир бөлүгү болгон бешик ырларына, анын баланы тарбиялоодогу ордуна токтолдук. Ошону менен катар бешик ырларынын баланын өнүгүшүнө тийгизген таасири каралды. Ал ырлардын наристенин гармониялуу өнүгүшүнө тийгизген таасирин медицинанын көз карашында, мисалдар, окумуштуулардын, изилдөөчүлөрдүн ой-пикирлери аркылуу талдап берүүгө аракет кылдык

Негизги сөздөр

бешик; гармония; фольклор; ыр; мээрим; обон; терметүү

Цитаталоо

APA Style
Shabdanbaeva, Zh. (2024). Lullabies – a source of harmonious development. Eurasian Health Journal, 16(2), 179-182. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-2-179
Copied!
Vancouver Style
Shabdanbaeva, Zh.. Lullabies – a source of harmonious development. Eurasian Health J. 2024;16(2):179-82. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-2-179
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар