Аннотация
Максаты: заманбап лапароскопиялык технологияларды колдонуу менен Геллер операциясынын айрым этаптарын өркүндөтүү аркылуу ахалазия кардия (АК) менен ооруган бейтаптарды хирургиялык дарылоонун натыйжаларын жакшыртуу. АК дарылоо жыйынтыктары боюнча 35 бейтап көрсөтүлүп, анын ичинен 16 эркек, 19 аял, ал эми жашы 18 жаштан 69 жашка чейин (орточо жашы 49±5.4) болгон. Оорунун узактыгы 1 жылдан 9 жылга чейин белгиленсе, алардын ичинен 28 (80%) оорулуунун дене салмагынын индекси (ДСИ) 18,7 кг/м2 төмөн болуп, орточо ДСИ 20,7±3,1 кг/м2 түзгөн. Оорунун III- стадиясы менен – 26 (74,3%), II-стадиясы менен – 7 (20%) жана IV- стадиясы менен – 2 (5,7%) көрсөтүлгөн. Оорунун диагнозу рентгеноскопиянын, эндоскопиянын негизинде тастыкталган. Бейтаптарга биздин бейтапкананын модификациясында Геллердин ыкмасы боюнча эзофагокардиогастропластикасы менен былжырдан тышкары алдыңкы кеңейтилген эзофагокардиомиотомиясын өткөрүшкөн. Узак мөөнөттүү жыйынтыктар 24 (68,5%) бейтаптарда 6 айдан 5 жылга чейин байкалган. Хирургиялык операция учурунда татаалдашуу кызыл өңгөчтүн былжыр челинин тешилип калышы түрүндөгү 2 (5,9%) бейтаптарда болгон жана ал өз учурунда бүтөлүп тигилген. Өлүмгө учурагандар болгон эмес. Операцияга чейинки Eckardt шкаласы боюнча орточо балл 9,2±2,1; чыгаруу алдында 1,7±0,2 түзгөн, ал эми операциядан 6 айдан кийин 1,3±0,41 көрсөткөн. Оорунун кайталанышы байкалган жок. Бул ыкманын артыкчылыгы - анын натыйжалуулугу, тобокелдик татаалдашуулардын өтө төмөн болушу, операция учурунда пайда болгон татаалдыктарды өз убагында жоюу мүмкүнчүлүгү, Барретта кызыл өңгөчтүн жана эзофагиттин рефлюксун өрчүп кетүүсүнүн алдын алуусу болуп саналат
Негизги сөздөр
кардия ахалазиясы; Геллердин ыкмасы боюнча лапароскопиялык былжырдан тышкары кеңейтилген эзофагокардиомиотомия; эзофагогастрокардиопластикаЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар