Аннотация
Бул изилдөөнүн максаты катары массивдүү акушерлик кан агууларда эки тараптуу кан тамырларды байлоонун натыйжалуулугун талдоо жана баалоо болуп саналат. Материалдар жана изилдөө ыкмалары: макалада Кыргыз Республикасынын төрөт мекемелеринде санитардык авиация аркылуу шашылыш жардам көрсөтүүдө массивдүү акушерлик кан агууну токтотуунун 495 учуру талкууланат. Натыйжалары: массивдүү акушерлик кан агууну токтотуу үчүн бардык учурларда эки тараптуу кан тамырларды байлоо (жатындын кан тамырларын жана/же ички жайык кан тамырларын) жана антифибринолитикалык дарылоо колдонулган. Биздин байкоолорубузда, эки тараптуу кан тамырларды байлаган 495 критикалык учурлардын ичинен 52,5%да (261 учур) жатынды сактап калууга мүмкүн болгон. Ошондой эле, гистерэктомия жасалган учурларда (234 учур), эки тараптуу кан тамырларын байлоо кан агуунун көлөмүн азайтууга жардам берген. Корутундусу: өмүргө коркунуч туудурган шарттарда эки тараптуу кан тамырларды байлоо, кесардык кесүү операция учурунда кан агууну көзөмөлдөөнүн коопсуз жана салыштырмалуу жөнөкөй ыкмасы болуп эсептелет
Негизги сөздөр
кесардык кесүү; массивдүү акушерлик кан агуу; жатындын кан тамырларын байлоо; ички жайык кан тамырларын байлоо; критикалык абалдар; гистерэктомия; жатындын сакталышыЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар