Аннотация
Бул макалада 2023-жылдын 10-сентябрынан 2023-жылдын 30-декабрына чейинки мезгилде Бишкек шаарындагы 3-орто мектептин окуучулары арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы келтирилген. Паразитизмди жуктуруп алуу үчүн жүрүм- турумдук тобокелдик факторлору бааланган. Мектеп жашындагы 1105 балага сурамжылоо жүргүзүлдү, анын ичинен 10 жаштан 11 жашка чейинки балдардын үлүшү 28,6%, 12ден 13 жашка чейинки балдардын үлүшү 39,1% жана 14 жаштагы мектеп жашындагылар 32,3%, анын ичинен 50,7% кыздар жана 49,2 % балдар түздү. Респонденттердин түзүмүндө 13 жаш (40,45%), 12 жаш (17,92%) жана 10 жаш (16,83%) жаш категорияларындагы балдар басымдуулук кылган. Респонденттердин айтымында, алар колдорун күндүз эки-үч жолу – эртең менен жана кечинде жуушат. Алсак, респонденттердин 30,1% эртең менен, 28,7% кечинде колун жуушат, ал эми респонденттердин 25,5% тамак ичер алдында, 24,9% дааратканага баргандан кийин колун жуушат
Негизги сөздөр
изилдөө; мителер; суу; кезигүүсү; тобокелдик факторлор; санитардык маданиятЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар