Том 16, № 2, 2024 / Барактар 116-121

Жатын моюнчасынын залалдуу шишигинин II Б стадиясын комплекстик жана комбинацияланган дарылоодогу алгачкы кыйынчылыктар

Кабыл алынган убакыт 13.12.2023
Түзөтүлгөн 05.04.2024
Кабыл алынган 09.05.2024

Аннотация

Жатын моюнчасынын залалдуу шишиги репродуктивдуу системаcынын структурасында алдынкы орундардын бирин ээлейт. Локализацияланган формасын дарылоодогу рецидивсиз жана 5-жылдык жашоо жыйынтыктары мыкты. Бирок жергиликтуу тараган жатын моюнчасынын залалдуу шишигин дарылоодогу корсоткучтор канааттандырарлык эмес болгондуктан, ынгайлуу дарылоо методун тандоодогу суроо ачык бойдон калып келет. Изилдоонун максаты: Аялдардын жатын моюнчасынын залалдуу шишигинин IIб стадиясын комплестик же комбинацияланган дарылоо ыкмаларынын алгачкы кыйынчылыктары боюнча талдоо жургузуу. Изилдоо материалын алгачкы жатын моюнчасынын залалдуу шишигинин гистологиялык тастыкталган IIб стадиясы бейтаптын ретроспективдуу мааламаттарын тузгон. Изилдоонун ыкмалары: оору баяны, гинекологиялык текшеруу, онкологиялык маркерлор, жатын моюнчасынын шишигинен алынган биопсия изилдоосу, жамбаш органдарынын ультрадобуштук изилдоосу болгон. Бул макалада аялдардын жатын моюнчасынын залалдуу шишигин комплестик же комбинацияланган дарылоо ыкмаларынын алгачкы кыйынчылыктары боюнча ретроспективдуу талдоо жургузулуп, алардын турлору жана жыштыгы изилденилген. Жыйынтыгы: Комплекстик дарылоодон кийинки коп кездешчу кыйынчылыктарга, узакка созулган лимфорея 38,8% жана табарсыктын атониясы 16,6% кирген. Думур алдындагы сезгенуу инфильтраттары 2 гана бейтапта кездешкен 11%. Комбинацияланган дарылоодогу кыйынчылыктар: радиодерматиттер 25%, туз ичегинин сезгениши 37,5%, табарсыктын сезгениши 43,7%, туз ичеги- влагалище же табарсык-влагалище фистулалары бирин-серин эле кездешкен. Изилдоонун аягында хирургиялык жана нур дарылоодогу кыйынчылыктар ар башка жана аларды бири бири менен салыштырууга мумкун эмес экенин байкасак болот. Комплекстик дарылоодогу кыйынчылыктардын колому жана оордулугу, комбинацияланган дарылоодон кийинки кыйынчылыктарга салыштырмалуу азыраак жана женилирээк, аз убакыттын ичинде калптандырылып, бейтаптын жашоосуна жана абалына зыяны минималдуу, ал эми комбинацияланган дарылоодогу кыйынчылыктар айлап, жылдап тынчын алышы мумкун

Негизги сөздөр

жатын моюнчасы; залалдуу шишик; химия-нурдук дарылоо; хирургиялык дарылоо; алгачкы кыйынчылыктар

Цитаталоо

APA Style
Sharshenbaeva, A., Kudaibergenova, I., Sayakov, U., Djumabaeva, F. & Lim, E. (2024). Early complications after combined and complex treatment in patients with stage II B cervical cancer. Eurasian Health Journal, 16(2), 116-121. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-2-116
Copied!
Vancouver Style
Sharshenbaeva, A., Kudaibergenova, I., Sayakov, U., Djumabaeva, F., Lim, E.. Early complications after combined and complex treatment in patients with stage II B cervical cancer. Eurasian Health J. 2024;16(2):116-21. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-2-116
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар