Том 16, № 2, 2024 / Барактар 21-27

Инсульт тобокелдигин өлчөөчү заманбап куралдар

Кабыл алынган убакыт 24.11.2023
Түзөтүлгөн 29.03.2024
Кабыл алынган 09.05.2024

Аннотация

Бул сереп салуу макаласында инсульт коркунучун аныктоо үчүн заманбап куралдар жөнүндө 2013-жылдан 2024-жылга чейин PubMed жана eLibrary издөө системалары жана коомдук ресурстарды колдонуу менен адабияттардын маалыматтары талдоого алынды. Азыркы учурда кездешкен мобилдик тиркемелердин ичинен Stroke Riskometer™ тиркемесин дүйнө жүзү боюнча колдонууну ишке ашыруу инсульттун (жана тобокелдик топторунун) глобалдык деңгээлде таралышынын ачык-айкын сүрөтүн камсыздайт. Колдонмо кыска анкетага берген жоопторунун негизинде жакынкы 5 же 10 жылдагы инсульт коркунучун 20 жаштан ашкан ар бир адам үчүн эсептөөгө мүмкүндүк берет. Колдонмонун мүмкүн болушунча көп адамдар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн азыркы учурда тиркеме дүйнөдөгү эң кеңири таралган 20 тилге которулган. Бул тиркеме кыргыз тилинде да жеткиликтүү. Stroke Riskometer™ инсульттун тобокелдик факторлору жана аларды коррекциялоо ыкмалары жөнүндө билимди жайылтуу үчүн гана маанилүү курал эмес. Бул колдонмо ошондой эле негизги жугуштуу эмес ооруларды (инсульт, жүрөктүн ишемиялык оорусу, кант диабети ж.б.) эл аралык денгээлде эпидемиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнун революциялык ыкмасы болуп калышы мүмкүн. Аны калкыбыздын олуттуу бөлүгүн инсульт коркунучу жөнүндө маалымат менен камсыздоо үчүн колдонсо болот, ошондой эле аны колдонуу башка жугуштуу эмес оорулардан болгон жоготууларды кыскартууга салым кошот

Негизги сөздөр

инсульт; инсульт рискометри; тобокелдик факторлору; мобилдик тиркемелер; тобокелдикти аныктоо

Цитаталоо

APA Style
Mamataeva, B. & Yrysova, M. (2024). Modern tools for determining the risk of stroke. Eurasian Health Journal, 16(2), 21-27. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-2-21
Copied!
Vancouver Style
Mamataeva, B., Yrysova, M.. Modern tools for determining the risk of stroke. Eurasian Health J. 2024;16(2):21-7. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-2-21
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар