Том 16, № 2, 2024 / Барактар 152-157

2022-2023 жылдары жашы жете электерге болгон жыныстық кылмыштардын соттук-медициналык мүнөздөмөсү

Кабыл алынган убакыт 10.10.2023
Түзөтүлгөн 26.03.2024
Кабыл алынган 09.05.2024

Аннотация

Макалада жашы жете электерге 2022-2023 жылдары жыныстык кылмыштардын мүнөздөмөсү берилген. 2022-2023 жылдары болгон бардык экспертизалардын ичинде (4118 - 4109) салыштырмалуу жашы жете электерге карата болгон кылмыштардын көбөйүшү байкалууда (2022-97жана 2023-130). Жаш курак боюнча 2022 жылы 13 жашка чейинкилер 18,56%, 13төн - 18ге чейинкилер 81,44% түзүштү. 2023 жылы бул көрсөтмөлөр 21,5% жана 78,46% түздү. Кылмыштын түрлөрү боюнча зордуктоо 2022 жылы 59,79%да, ыдык көрсөтүү 30,92% кезиккен. 2023 жылы бул көрсөтүүлөр 49,2% жана 24,6% болгон. Жашы жете элек өспүрүмдүн макулдугу менен болгон жыныстык катнаш 2022 жылы 5,15% кездешкен, 2023 жылы 13,1% болгон. Мындай учурда кылмышкерди кылмыш жоопко КРдин КЖКнин №164статьясы “16 жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер ” менен жоопко тартылган. 2022 жылы жаңы бузулган кыздык 5эле учурда (5,15%) кездешкен, 18 учурда (18,56%) – эски бузулган, 2023 жылы бул көрсөткүчтөр 7 учур (5,38%), 27 учурда (21,52%) эски бузулган кыздыктар болгон. “Мүмкүнчүлүктүү” кыздыктар 2022жылы 29,9% (29), 2023жылы 33,8% (44) учурда кездешкен

Негизги сөздөр

жыныстык кылмыштар; жашы жете элек өспүрүм; кыздык; зордуктоо; ыплас аракеттер; мүмкүнчүлүктүү; “жоголгондор”

Цитаталоо

APA Style
Akmatbekova, A., Abdikadyrov, A., Batysheva, D., Hegai, A., Ibraimov, A. & Turganbaev, A. (2024). Forensic medical characteristics of sexual crimes against children for 2022-2023. Eurasian Health Journal, 16(2), 152-157. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-2-152
Copied!
Vancouver Style
Akmatbekova, A., Abdikadyrov, A., Batysheva, D., Hegai, A., Ibraimov, A., Turganbaev, A.. Forensic medical characteristics of sexual crimes against children for 2022-2023. Eurasian Health J. 2024;16(2):152-7. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-2-152
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар