Аннотация
COVID-19 – SARS-CoV-2 коронавирусунан келип чыккан курч респиратордук инфекция. SARS-CoV-2 вирусунун пайда болушу инфекциянын кош бойлуу аялга тийгизген таасири жөнүндө дароо кооптонууну жаратты. Изилдөөнүн максаты: 2020-жылга карата Кыргыз Республикасындагы энелердин өлүмүнүн структурасына жаңы коронавирустук инфекциянын таасирине баа берүү. Материалдар жана ыкмалар. 2020-жылга карата Кыргыз Республикасындагы энелердин өлүмүнүн бардык учурларына ретроспективдүү изилдөө жүргүзүлдү. Башка себептерге салыштырмалуу COVID-19дан каза болгон аялдардын тобунда 95% ишеним интервалын (ИИ) көрсөткөн энелердин өлүмүнүн ыктымалдык коэффициентин (ЫК) баалоо үчүн төмөнкү клиникалык маалыматтарды камтыган бинардык логистикалык регрессиялык моделдер колдонулган. энелердин: мөөнөтүнөн мурда төрөт, семирүү, гестациялық кант диабети, оор преэклампсия жана төрөт ыкмасы. Жыйынтыктар. 2020- жылы энелердин өлүмүнүн бардык учурларынын ичинен COVID-19 менен байланышкан себептерден каза болгондордун үлүшү 39,7%ды түздү (68 учурдун 27си). COVID-19дан каза болгондордун тобунда эрте төрөт (ИИ=3,801 [2,484-5,815]) жана оор преэклампсия (ИИ 5,801 [7,484-3,815]) өнүгүү ыктымалдыгы жогору болгон. Семирүү COVID-19да энелердин өлүмү үчүн кошумча тобокелдик фактору болгон (ИИ 4.196 [3.101–5.676]). Корутунду. 2020-жылы COVID-19дан өлүмдүн көрсөткүчү Кыргыз Республикасындагы энелердин өлүмүнүн жалпы көрсөткүчүн статистикалык жактан олуттуу өзгөрттү, 2019-жылдагы 26,1ге каршы 100 000 тирүү төрөлгөнгө 44,1 учурду түздү. COVID-19дагы энелердин өлүмүнүн тобокелдик факторлоруна семирүү, кант диабети жана оор преэклампсия кирет
Негизги сөздөр
коронавирустук инфекция SARS-CoV-2; кош бойлуулук; вирустук пневмония; кош бойлуулуктун жана төрөттүн татаалдашы; түйүлдүктүн жана жаңы төрөлгөн балдардын инфекциясы; энелердин өлүмүЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар