Аннотация
Кант диабети менен ооругандардын санынын прогрессивдүү өсүшү менен бирге, кандагы глюказанын деңгээлин катуу көзөмөлдөгөн адамдардын саны төмөн бойдон калууда, демек, жүрөк-кан тамыр оорулары, анын ичинде жүрөк жетишсиздигинин өнүгүү тобокелдиктери кыйла жогору. Глюкозанын деңгээлин жана жүрөк жетишсиздигинин тобокелдигин төмөндөтүү боюнча жаңы технологиялардын ичинен 2-типтеги натрий-глюкоза котранспорттору ингибиторлорунун ичинен эмпаглифлозин препараты изилденген, ал кетон денелеринин кычкылдануусунан аденозин трифосфаттын пайда болушун жакшыртуу аркылуу жаңы молекулярдык максаттарга багытталган, ошону менен жүрөк натыйжалуулугу жогорулаган. Бул макалада биз эмпаглифлозиндин аденозинтрифосфаттын деңгээлине жараша жүрөк жетишсиздиги менен бирге 2-типтеги кант диабети менен ооруган бейтаптарды дарылоонун натыйжалуулугуна таасирин талдоо үчүн болгон илимий негизделген адабияттарды карап чыктык
Негизги сөздөр
2-типтеги кант диабети; жүрөк жетишсиздиги; натрий-глюкоза котранспорттору-2 ингибиторлору; эмпаглифлозин; аденозинтрифосфатЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар