Том 16, № 3, 2024 / Барактар 15-20

Курч калькулездүү холецистит менен ооруган бейтаптардын периоперациялык байкоодогу Fast Track Surgery ыңгайлаштырылган клиникалык протоколдун ишке ашырылышын талдоо

Кабыл алынган убакыт 22.04.2024
Түзөтүлгөн 10.07.2024
Кабыл алынган 26.08.2024

Аннотация

Fast Track Surgery (хирургиялык тез жол) же ERAS (операциядан кийин тез калыбына келтирүү) - илимий далилденген медициналык дарылоо жана профилактикалык компоненттерди колдонууга негизделген хирургиялык бейтаптарды периоперациялык башкаруу үчүн заманбап мультимодалдык жана дисциплинардык стратегия. Изилдөөнүн максаты: курч калькулездуу холецистит менен ооруган бейтаптарды операциядан кийинки башкарууда адаптацияланган Fast Track Surgery протоколунун клиникалык ишке ашырылышын талдоо. Изилдөө дизайны: бир борборлуу, келечектүү, рандомизацияланбаган. Бул макалада 109 курч калькулездуу холецистит менен ооруган бейтаптарды хирургиялык дарылоодо Fast Track Surgery клиникалык протоколунун компоненттерин ишке ашыруу талданат. Бардык изилденген бейтаптардын 27 (24,8%) эркектер, 82 (75,2%) аялдар. Бейтаптардын орточо жашы 47 жаш (25-65) болгон. Бардык бейтаптар холецистэктомия ыкмасына жараша 2 топко бөлүнгөн. Биринчи топко лапароскопиялык холецистэктомия жасалган 56 (51,4%) бейтап кирген. Экинчи топту кичине кесүү жолу менен холецистэктомия жасалган 53 (48,6%) бейтап түзгөн. Эки топтогу бейтаптар жынысы жана жашы боюнча салыштырылган. 16 компонент ыңгайлаштырылган жана иштелип чыккан Fast Track Surgery протоколуна киргизилген. Талдоо Fast Track Surgery протоколун клиникалык ишке ашыруунун жогорку даражасын көрсөтөт, бул жеткиликтүү жана ишке ашырылуучу компоненттерди ыңгайлаштыруу жана тандоо менен шартталган

Негизги сөздөр

Fast Track Surgery протоколу; курч калькулездүү холецистит; клиникалык ишке ашыруу; операциядан кийинки калыбына тез келтирүү

Цитаталоо

APA Style
Tashiev, K. (2024). Analysis of the implementation of the adapted clinical protocol Fast Track Surgery in the perioperative management of patients with acute calculous cholecystitis. Eurasian Health Journal, 16(3), 15-20. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-3-15
Copied!
Vancouver Style
Tashiev, K.. Analysis of the implementation of the adapted clinical protocol Fast Track Surgery in the perioperative management of patients with acute calculous cholecystitis. Eurasian Health J. 2024;16(3):15-20. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-3-15
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар