Аннотация
Изилдөө максаты: мээ ичиндеги гематомаларды алууда залалсыз пункциялык ыкманы ѳркүндѳтүү жана оптималдык хирургиялык техниканы иштеп чыгуу, аларды колдонууда дифференцирленген кѳрсѳтмѳлѳрдү аныктоо жана операциядан кийинки динамиканы изилдѳѳ жолу аркылуу геморрагиялык инсультту дарылоонун натыйжаларын жакшыртуу. Изилдөө материалы жана ыкмалары. Геморрагиялык инсульттан жабыркаган 140 бейтаптарды (эркектер - 82, аялдар - 58) дарылоонун натыйжаларына жасалган серептик талдоо келтирилген. Изилдөөнүн натыйжалары. Жарааттык эмес супратенториалдык мээ ичиндеги кан куюлууларда лобардык жана латералдык жайгашууда кѳлѳмү 40 см3, ал эми аралаш түрүндѳ 30 см3 ден ашык болсо хирургиялык дарылоо кѳрсѳтүлгѳн. Мээ ичиндеги жарааттык эмес кан куюлууларды хирургиялык пункциондук ыкма менен алып салуу ѳркүндѳтүлүп, баш мээнин кан тамыр патологиясын дарылоодо перспективдүү багыт катары бааланган. Операциядан кийинки кайталануучу кан куюлуулардын жана дислокациялык бузулуулардын алдын алуу ыкмалары иштелип чыккан
Негизги сөздөр
геморрагиялык инсульт, мээ ичине кан куюлуу, диагностика, хирургиялык дарылоо, консервативдүү дарылоо, дарылоонун натыйжаларыЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар