Аннотация
Авторлор тарабынан Бишкек шаарындагы стационарларда 2017-2022-жылдар убагында дарыланган 2750 бейтапка эпидемиологиялык изилдөө жүргүзүлгөн. Очоктуу жабыркоолор үлүштүк жайнашуусу боюнча төмөнкүдөй болду: маңдай үлүшү – 47,1%, чыкый үлүшү – 40,6%; төбө үлүшү – 12,6%; желке үлүшү жана каракуш – 2,1%. Алардын 72си хирургиялык кийлигишүүгө кабылган, ал эми интенсивдүү терапия мене бирге 44ү консервативдүү дарылоо алган. Аларда клиникалык жана урунуу, эзилүү жана гематома сывяктуу очоктуу жабыркоолордун компьютердик-томографиялык трансформациясы изилденген. Өзгөрүүлөр төмөнкүдөй жүргөн: перифокалдык жана үлүштүк шишиктин күчөөсү – 2-6 сутка ичинде; урунуу жана эзилүү очокторунун кеңейүүсү – 7-9 суткага чейин; баш-сөөк мээ ичиндеги басымдын регресси – 3-4 апта ичинде; менингеалдык симптомдордун регресси жана ликвордун санациясы – 2-3 апта ичинде; неврологиялык жана психикалык статустун толук же маанилүү нормалдашуусу – 5-7 аптада; гематоманын гиперденсивдик фазадан же урунуунун геморрагиялык очогунун изоденсивдик фазага өтүүсү – 3-4 аптада; изоденсивдик фазадан гиподенсивдик фазага өтүүсү – 4-5 аптада; кистозду көңдөйгө өзгөрүү менен гематоманын резорбциясы – 2-3 ай аралыгында. Мээнин урунуусун жана анын түрлөрүн дарылоодо жаңы дифференцирленген ыкманы тандоо сунушталат
Негизги сөздөр
баш-сөө мээ жаракаты; мээнин урунуусу; мээнин очоктук жабыркоолору; дарт аныктоо; дарылооЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар