Том 16, № 3, 2024 / Барактар 117-125

Артериялык мээ аневризмаларын клипс менен кыпчытуунун нейрохирургиялык көйгөйлөрү

Кабыл алынган убакыт 28.03.2024
Түзөтүлгөн 03.07.2024
Кабыл алынган 26.08.2024

Аннотация

Мээнин артериялык аневризмасын аныктоодогу диагностикалык ыкмалардын жана микрохирургиялык техникалардын өркүндөтүлгөнүнө карабастан эмгекке жарамдуу калктын арасындагы өлүм жана туруктуу майыптуулук жогорку деңгээлде сакталып калууда. Бул илимий эмгекте Улуттук госпиталдын нейрохирургия клиникасында 2017-2023-жылдар аралыгында мээ тамырларынын артериялык аневризмасы боюнча операция жасалган 86 бейтаптын хирургиялык дарылоосунун натыйжалары берилген. Оорулуулардын жашы 23 жаштан 78 жашка чейин (орточо жашы - 47±1,7 жаш), алардын ичинен 48 (55,8%) эркектер, 38 (44,2%) аялдар. Бардык бейтаптарга мээ тамырларынын МРТ же КТ ангиографиясы жүргүзүлдү, 47 (54,6%) бейтапта мээ аневризмасы тандалма мээнин ангиографиясы менен тастыкталды. Аневризмалардын өлчөмү боюнча милиардыктан баштап  (3,0 мм 25,0-30,0 мм), чоң өлчөмгө чейин болушкан. Бардык бейтаптар хирургиялык дарылоого дуушар болгон. Бул патологиясы менен ооруган бейтаптарды хирургиялык дарылоонун жана натыйжалары, башкаруу тактикасы терең баяндалган

Негизги сөздөр

артерия аневризмасы; мээ тамырлары; микрохирургиялык дарылоо; кесүү; субарахноидалдык кан агуу; мээге кан куюлуу

Цитаталоо

APA Style
Mamytov, M. & Kozubaev, U. (2024). Neurosurgical problems of clipping arterial cerebral aneurysms. Eurasian Health Journal, 16(3), 117-125. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-3-117
Copied!
Vancouver Style
Mamytov, M., Kozubaev, U.. Neurosurgical problems of clipping arterial cerebral aneurysms. Eurasian Health J. 2024;16(3):117-25. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-3-117
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар