Том 16, № 3, 2024 / Барактар 50-57

Баш-сөөк ичиндеги менингиомалардын акыбеттеринин прогностикалык аспектилери

Кабыл алынган убакыт 18.03.2024
Түзөтүлгөн 22.07.2024
Кабыл алынган 26.08.2024

Аннотация

Менингиомалар көп учурда шишиктин жана резекциянын даражасына карата башка өзгөрүлмөлөрдөн ажыратылып стратификацияланат. Иштин максаты: демографиялык, клиникалык, рентгенологиялык жана патологиялык маалыматтарды интеграциялоо. Материал жана ыкмалар. Бир мекемеде 2013-жылдан 2023-жылга чейинки мезгилде менингиоманы алуу боюнча операцияга дуушар болгон 257 бейтаптын маалыматын камтыган ар тараптуу маалымат базасы иштелип чыккан. Байкоо медианасы 4,3 жылды түзгөн, резекция үлгүлөрү кайталанып заманбап диагностикалык критерийлерге жараша каралып, анын натыйжасында 128 Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДССУ) классификациясы боюнча II даражадагы менингиома менен 25 III даражадагы менингиома табылган. машиналык окутуунун алгоритмдик сериясы моделдерди түзүү үчүн алынган кайталоо тандоосунун жардамы менен иштелип чыккан, ал операцияга чейинки функциялар, операциядан кийинки функциялар же экөөнө тең негизделген. Натыйжалар. Маалыматтарда камтылган уникалдуу мааламатты жана ар кандай алгоритмдердин тактыгын салыштырдык. Демографиялык маалымат жана рентгенологиялык мүнөздөмөлөр сыяктуу операцияга чейинки маалымат менен чектелген машиналык окутуу моделдери менингиоманын резекция даражасына негизделген моделдердей өңдүү локалдык жетишпестик же жалпы жашап кетүү прогнозунун тактыгына ээ болгон. Демографиялык, клиникалык, рентгенологиялык жана патологиялык маалыматтарды камтыган интеграцияланган моделдер көбүрөөк тактыктагы баа берүүгө мүмкүндүк берди. Ушул моделдердин негизинде менингиомалары бар бейтаптардын локалдык жетишпестик же жалпы жашап кетүү тобокелине баа берүү үчүн чечимдер дарагын жана номограммаларды иштеп чыктык. Корутунду. Клиникалык маалымат тарыхый жактан караганда менингиомалардын акыбетин прогноздоо үчүн жетишсиз колдонулуп келген. Операцияга чейинки клиникалык маалыматтар негизиндеги прогностикалык моделдер менингиоманын резекция даражасы боюнча моделдер менен салыштырмалуу иштейт. Бардык жетиштүү маалыматтар айкалышы менингиомалары бар бейтаптарды так стратификациялоого жардам бериши мүмкүн

Негизги сөздөр

менингиома; хирургиялык дарылоо; резекция; акыбет; прогноз

Цитаталоо

APA Style
Duishobaev, A. (2024). Prognostic aspects of the outcomes of intracranial meningiomas. Eurasian Health Journal, 16(3), 50-57. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-3-50
Copied!
Vancouver Style
Duishobaev, A.. Prognostic aspects of the outcomes of intracranial meningiomas. Eurasian Health J. 2024;16(3):50-7. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-3-50
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар