Аннотация
Изилдөө максаты: декомпрессиялык трепанацияны өөрчүтүү жана оптималдык техникасын тактоо, аны колдонуунун дифференциялык көрсөтмөлөрүн негиздөө жана операциядан кийинки динамиканы изилдөө жолу менен оор баш-сөөк мээ жаракатынан жабыркаган беййтаптарды дарылоо натыйжаларын жакшыртуу. Изилдөө материалы жана ыкмалары. Баш мээнин оор жарааттык кысылуусунан жабыркаган 170 бейтаптардын (эркектер - 89, аялдар - 18) дарылоо натыйжаларына сереп жасалган. Жабыркагандардын жаш курагы 16 дан 84 жашка чейин. Бейтаптардын орточо курагы 42,78±5,8 жашты түздү. Декомпрессивдик баш-сөөк трепанациясы бейтаптардын баардыгына жасалды. Изилдөөнүн натыйжалары. Алгачкы жолу Кыргыз Республикасында баш-сөөк ичиндеги гематомалары жана мээнин эзилүү очоктору бар бейтаптардагы декомпрессиялык трепанация ыкмасын колдонууга арналган проспективдүү рандомизацияланган изилдөө жүргүзүлгөн. Мээнин шишүүсү менен коштолгон оор баш мээ жаракатында декомпрессиялык трепанацияны колдонуунун көрсөтмөлөрү жана каршы көрсөтмөлөрү такталган. Декомпрессиялык трепанациядан кийин оор баш мээ жаракаты бар бейтаптарда жагымсыз акыбеттерге алып келүүчү тобокел факторлор аныкталган
Негизги сөздөр
баш мээнин оор жарааттык кысылуусу; эпидуралдык гематома; субдуралдык гематома; мээ ичиндеги гематома; декомпрессивдик баш-сөөк трепанациясыЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар