Аннотация
Бул илимий эмгекте омуртка-жүлүн жаракаты бар оорулууларды хирургиялык дарылоо ыкмасы менен түзмөгү иштелип чыккан. Омуртка менен жүлүндүн жаракаттык оорунун татаалдашуулары такталып, талданып жана системалаштырылды. Бул татаалдашууларды алдын алуу жана дарылоонун комплекси сунушталды. Материал жана ыкмалар. Оперативдик дарылоонун натыйжаларын талдоо жалпы 102 бейтаптын ичинде, жакшыруу 49 (48,0%) бейтапта байкалган, ошол эле учурда 53 (52,0%) бейтапта жакшыруу болгон эмес. Жакшыруунун эң жогорку пайыздык көрсөткүчү 20 жашка чейинки курактагы бейтаптарда - 4 (80,0%) аныкталган, ал эми начар натыйжалардын эң жогрку көрсөткүчү улук курак тайпасында (60 жаш жана улуураактар) - 6 (66,7%) байкалган. Натыйжалар. Оперативдик дарылоонун жыйынтыктарын жана ар кайсы даражадагы жабыркоонун натыйжасын талдоо төмөнкү маалыматтарды көрсөттү: моюн бөлүгүнүн жабыркоосу менен болгон 38 оорулуунун арасында 11(28,9%) жакшы болуу, өзгөрүүсүз калганы - 22 (57,9%), жабыркагандардын 5 (13,2%) каза болгон. Көкүрөк бөлүгү жабыркаган 12 пациентте жакшы болуу 8 (66,7%), өзгөрүүсүз калганы - 4 (33,3%), өлүм белгиленген эмес. Көкүрөк-бел бөлүгү жабыркаган 40 оорулуунун ичинен 21 (52,5%) жакшы болуу, өзгөрүүсүз калганы - 19 (47,5%), каза болгону жок. Моюн бөлүгүнүн жаракаты менен болгон 38 оорулуудан 11 (28,9%) жакшы болгон, абалы өзгөрүүсүз калганы – 22 (57,9%), каза болгону – 5 (13,2%) бейтап. Көкүрөк бөлүгү жабыркаган 12 бейтаптан 8 (66,7%) жакшы болгон, абалы өзгөрүүсүз калганы – 4 (33,3%), ал эми каза богондор жок. Көкүрөк-бел бөлүгү жабыркаган 40 оорулуулардан 21 (52,5%) жакшы болгон, абалы өзгөрүүсүз калганы – 19 (47,5%), каза болгондор жок. Бел бөлүгү жабыркаган оорулуулардан 7 (58,3%) жакшы болгон, 5 (41,7%) – абалы өзгөрүүсүз калган, өлүм учурлары болгон эмес
Негизги сөздөр
омуртка-жүлүн жаракаты; диагностика; омуртка сыныктары; татаалдашкан омуртка-жүлүн жаракаты; консервативдик жана хирургиялык даарылооЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар