Аннотация
Изилөөнүн максаты: туулган жүлүндүк грыжалары бар балдарда хирургиялык дарылоонун жыйынтыктарын жана жашоо сапатын изилдөө. Материалдар жана ыкмалар. Изилдөөгө туулган жүлүндүк грыжалары бар 191 бейтаптын дарылоо жыйынтыктары каралган. Балдардын жашоо сапатын баалоо үчүн Lansky шкаласынын жалпы багыттагы версиясы жана жаңы иштелип чыккан “Жүлүндүк грыжалары бар балдардын жашоо сапатын баалоо” шкаласы колдонулган, бул дарылоо жыйынтыктарын объективдүү баалоого мүмкүнчүлүк берген. Жүлүндүк грыжасы бар бейтаптарда гидроцефалиянын болушу оорунун клиникалык сүрөтүн оорлотуп, неврологиялык симптомдордун өсүшү, психомотордук жана физикалык өнүгүүнүн артка калышына алып келген. Жыйынтыктар. Диагностика жана дарылоо алгоритмин колдонуу хирургиялык дарылоонун жыйынтыктарын жакшыртууга алып келген, бул неврологиялык дефициттин регресси жана бейтаптардын жашоо сапатынын жогорулашы менен көрүнгөн. Жүлүндүк грыжалары бар бейтаптарды жүргүзүү үчүн иштелип чыккан алгоритм хирургиялык дарылоого мамиле кылууну айырмалоого мүмкүндүк берди жана натыйжада дарылоо жыйынтыктарын жана бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртты. Ж нерв тилкесиндеги кошумча аномалиялар менен хирургиялык дарылоонун ыкмасын жана этаптарын тандоо хирургиялык дарылоонун натыйжасын, неврологиялык дефициттин регресси жана жашоо сапатынын жакшырышы түрүндө, статистикалык жактан жакшырткан. Корутунду. Операцияга чейин жана операциядан кийинки мезгилде жашоо сапатын сандык жактан объективдүү баалоонун ыкмасы — биз иштеп чыккан шкала, ал дарылоо жыйынтыктарын баалоого жардам берет. Диагностика жана дарылоо алгоритмин колдонуу хирургиялык дарылоонун жыйынтыктарын жакшыртууга алып келип, неврологиялык дефициттин регресси жана бейтаптардын жашоо сапатынын жогорулашы менен көрүнгөн
Негизги сөздөр
жүлүндүк грыжа; хирургиялык дарылоо; дарылоо натыйжалары; жашоо сапатын баалоо шкаласы; балдарЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар