Том 16, № 3, 2024 / Барактар 132-139

Жарааттан кийинки баш сөөк дефектерин жабуунун заманбап аспектилери

Кабыл алынган убакыт 26.01.2024
Түзөтүлгөн 19.07.2024
Кабыл алынган 26.08.2024

Аннотация

Бул илимий эмгектин максаты краниопластиканын трансплантаттарды колдонуу менен жасалуучу эң жөнөкөй жана рационалдуу ыкмасын өркүндөтүү, объективдүү изилдөө ыкмаларынын негизинде титан торчолорун пластикалык материал катары колдонуу мээге жагымдуу таасир берип, бузулган функциялардын маанилүү нормалдашуусуна алып келеээрин далилдөө болгон. Эмгек жарааттан кийинки баш сөөк дефектилери менен жабыркаган 98 бейтапты ар кылдуу ыкмалар менен хирургиялык даарылоонун жыйынтыктарын салыштырууга негизделген. Изилденген 98 бейтаптын 50нө протакрил пластинасын колдонуу менен, ал эми 48 бейтапка титан торчолорун колдонуу жолу менен краниопластикалык операциялар жасалган. Жарааттан кийинки баш сөөк дефектилери менен жабыркаган 98 бейтап. Жабыркагандардын жаштары 17 ден 82 ге чейин, алардын арасында 92 (93,9±5,4%) эркек жана 6 (6,1±2,3%) аял болгон. Операциялардын жакынкы жана алыскы жыйынтыктары жарааттан кийинки баш сөөк дефектилерди даарылоодо титан торчолорун колдонуу эффективдүү жана ыңгайлуу экендигин көрсөттү

Негизги сөздөр

баш-мээ жарааты; баш сөөк дефектиси; баш-мээ жараатынын кесепеттери; протакрил пластинасы; титан торчолору

Цитаталоо

APA Style
Mashrapov, Sh., Chozhonov, A., Avazali uulu, M. & Karimov, S. (2024). Modern aspects in the issue of plastic surgery of post-traumatic skull defects. Eurasian Health Journal, 16(3), 132-139. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-3-132
Copied!
Vancouver Style
Mashrapov, Sh., Chozhonov, A., Avazali uulu, M., Karimov, S.. Modern aspects in the issue of plastic surgery of post-traumatic skull defects. Eurasian Health J. 2024;16(3):132-9. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-3-132
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар