Том 16, № 3, 2024 / Барактар 156-162

Алгачкы шишиктин жайгашуусуна жараша омуртканын метастатикалык жабыркоолорун аныктоо

Кабыл алынган убакыт 12.03.2024
Түзөтүлгөн 05.07.2024
Кабыл алынган 26.08.2024

Аннотация

Органдар менен ткандардын метастатикалык жабыркоосу онкологиялык оорууларды дарылоодогу башкы маселелердин бири болуп саналат. Салтту түрдөгү регионардык лимфатикалык түйүндөргө тараган метастаздар сыяктуу эле, алыскы органдар жана системаларга тараган метастаздар да аныкталуусу мүмкүн. Өпкө жана боордон кийинки жайгашуу жыштыгына карата үчүнчү орунду ээлеген скелеттин метастатикалык жабыркоосу да чоң мааниге ээ. Иштин максаты: омуртканын метастатикалык жабыркоосу бар бейтаптардын диагностикасынын жана дарылоосунун натыйжаларын талдоо. Материал жана ыкмалар. Иште Ош областында 2008-жылдан 2023-жылга чейинки мөөнөттө жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн матариалдарына жасалган талдоо келтирилген. Алынган маалдыматтарга таянып, рактын ар кандай түрлөрүндөгү омуртканын метастатикалык жабыркоосунун жыштыгы, алардын алгачкы шишикти аныктоого байланышкан аныктоо мөөнөттөрү, клиникалык сүрөттөмөсүнүн өзгөчөлүктөрү талданган. Омуртканын ар түрдүү бөлүктөрүнө тараган метастаздардын жайгашуу жыштыгы, аларды аныктоо жана дарылоо ыкмалары изилденген. Натыйжалар. Алгачкы шишиктери аныкталган бейтаптарда (n=66) омуртканын метастатикалык жабыркоосунун белгилери алгачкы шишиктерди тапкандан кийинки ар кандай мөөнөттөрдө диагностикаланган. Ошентип, 16 бейтапта (24,2%) алар 6 айлык мөөнөттө, 18 бейтапта (27,3%) – 1 жылдан 3 жылга чейин, 7 бейтапта (10,6%) – 4-5 жылдан соң табылган. Корутунду. Омуртканын метастатикалык жабыркоосун эрте жана өз убагында табуу үчүн бейтаптарды изилдөөнүн эң оптималдык алгоритми зарыл. Жумшак ткандардагы өзгөрүүлөрдү табуу максатында омуртканын магниттик-резонанстык томографиясы сөзсүз түрдө, сөөк түзүмдөрүнүн патологиялык өзгөрүүлөрүн аныктоо үчүн омуртканын компьютердик томографиясы жасалуусу керек

Негизги сөздөр

алгачкы шишик; омуртканын метастатикалык жабыркоолору; ооруу синдрому; дарт аныктоо; дарылоо

Цитаталоо

APA Style
Yrysov, K., Zhoobasarova, D. & Ydyrysov, I. (2024). Detection of metastatic spinal lesions depending on the location of the primary tumor. Eurasian Health Journal, 16(3), 156-162. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-3-156
Copied!
Vancouver Style
Yrysov, K., Zhoobasarova, D., Ydyrysov, I.. Detection of metastatic spinal lesions depending on the location of the primary tumor. Eurasian Health J. 2024;16(3):156-62. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-3-156
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар