Том 16, № 4, 2024 / Барактар 140-145

Сан сөөнүн проксималдык бөлүгүнүн перипротездик сыныгын дарылоодо колдонулган остеосинтез методдорун анализдөө

Кабыл алынган убакыт 20.03.2024
Түзөтүлгөн 20.08.2024
Кабыл алынган 27.09.2024

Аннотация

Бул иште сан сөөктун проксималдык бөлүгүнүн сыныгын дарылоодо колдонулган ар түрдүү методдор сүрөттөлгөн. Изилдөөнүн максаты – операциялык методдорду анализдөө. Изилдөөдө клиникалык жана инструменталдык методдор колонулган. Операция маалында колдонулган серклаж зымдарын, сөөк пластиналарын жана ревизиялык артропластиканы колдонуу ыкмаларына анализ жүргүзүлдү. Ошондой эле жакынкы жана алыскы жыйынтык анализденди. Алынган натыйжаларга салыштырмалуу мүнөздөмөлөр жүргүзүлдү. Бул эмгектин илимий баалуулугу фрагменттерди бекитүүнүн ыкмаларын жана ыкмаларын андан ары өнүктүрүү үчүн негиз болуп, илимдин өнүгүшүнө салым кошо алат. Практикалык мааниси – операция учурунда фрагменттердин бекем фиксациясына жетишүү, бул чектеш муундарды эрте реабилитациялоого жана бутунун салмак көтөрүү жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Экономикалык мааниси - дарылоо учурунда, анын жыйынтыгы боюнча алынган маалыматтарды талдап, бейтаптын экономикалык абалына жана мамлекеттин саламаттыкты сактоо экономикасына терс таасирин тийгизбеген дарылоо тактикасын тандоо зарыл. Жыйынтыктап жатып, компоненттин интрамедуллярдык абалын эске алуу менен фрагментти бекем фиксация ыкмаларын иштеп чыгуу зарыл экендигин белгилей кетүү керек

Негизги сөздөр

Ванкувердик классификация; перипротездик сынык; сөөк пластинасы; эндопротездин бутчасы; сан сөөк; проксималдык бөлүк; карматкыч; имплант; остеосинтез; натыйжа

Цитаталоо

APA Style
Karmyshbekov, M., Dzhumabekov, S., Izabekov, Ch. & Rakhmatov, B. (2024). Analysis of methods of osteosynthesis in the treatment of periprosthetic fractures of the proximal femur. Eurasian Health Journal, 16(4), 140-145. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-4-140
Copied!
Vancouver Style
Karmyshbekov, M., Dzhumabekov, S., Izabekov, Ch., Rakhmatov, B.. Analysis of methods of osteosynthesis in the treatment of periprosthetic fractures of the proximal femur. Eurasian Health J. 2024;16(4):140-5. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-4-140
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар