Том 16, № 4, 2024 / Барактар 73-79

Клиникалык окуя: баардык гениалдуу нерсе - жөнөкөй же чычаңдын оорукусунусу жүлүндүн менингиомасынан артык болгондо

Кабыл алынган убакыт 22.03.2024
Түзөтүлгөн 30.07.2024
Кабыл алынган 27.09.2024

Аннотация

Клиникалык окуяда жүлүндүн менингиомасын өзгөчөлөнгөн хирургиялык дарылоосу чагылдырылган. Омуртка каналынын кысылуусун жойгондон кийин неврологиялык оору белгилери азайгандай сезилген, бирок бейтаптын чычаң ооруксунуусу тынымсыз болгондугуна байланыштуу, биз кайра-кайра дарылоого аргасыз болдук. Белгилей кетчү нерсе, жүлүн менингиомалары жүлүндүн бардык баштапкы шишиктеринин 15-30% түзөт. Менингиома 85-90% учурларда 50-70 жаштагы аялдарда байкалат. Көкүрөк жана бел омурткаларынын менингиомалары чел кабык менен капталып, көлөмү 2-3 см. жетет. Айланадагы жумшак ткандардан жакшы чектелген , туура эмес сүйрү формада, жүлүндүн 1-2 сегменттеринин деңгээлинде жайгашат. Омуртканын менингиомаларынын эң кеңири таралган, дебюттук клиникалык көрүнүшү – бул биздин бейтапта да байкалган гипоестезия, парестезия түрүндөгү сезгичтиктин бузулушу – 56% да кездешет. Менингиомалардын сегменттик локализациясына карабастан, терең сезгичтиктин жоголушуна караганда үстүртөн сезгичтиктин жоголушу көбүрөөк байкалат. Бирок, тынымсыз жана туруктуу чычаңдын ооруп туруп алышы, мындан ары дарылоо тактикасын тандоодо бизди бир аз бушайман кылды. Жергиликтүү инъекциялык терапиянын арсеналы: сакралдык жана пресакралдык блокададан баштап акупунктурага, шок толкун терапиясына жана анестетик дарыны электрофорез менен берүүгө чейин бардык. Ал эми өзгөчө нерсеси, хирургиялык кийлигишүүнү колдонуу менен гана – чычаңды алып таштап – анын ооруксунуусун жоготтук. Узак мөөнөттөн кийинки текшерүү, биз, чычаңдын резекциясын туура колдонгонубузду тастыктады

Негизги сөздөр

жүлүндун менингиомасы; жүлүн өткөөлүнүн кысылуусу; шишикке жетүү үчүн омуртканын догочосун алуу; чычаңдын ооруксунуусу

Цитаталоо

APA Style
Dzhumabekov, S., Myrzakhat uulu, A., Sulaymanov, Zh. & Sabyraliev, M. (2024). Clinical case: all genius is simple or when a spinal meningioma less important than coccygodynia. Eurasian Health Journal, 16(4), 73-79. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-4-73
Copied!
Vancouver Style
Dzhumabekov, S., Myrzakhat uulu, A., Sulaymanov, Zh., Sabyraliev, M.. Clinical case: all genius is simple or when a spinal meningioma less important than coccygodynia. Eurasian Health J. 2024;16(4):73-9. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-4-73
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар