Том 16, № 4, 2024 / Барактар 104-108

Куң (ийин) жиликтин жогорку учунун майдаланган сыныктары бар бейтаптарды хирургиялык дарылоо

Кабыл алынган убакыт 18.03.2024
Түзөтүлгөн 08.08.2024
Кабыл алынган 27.09.2024

Аннотация

Азырку учурда чыгып жаткан илимий иштерде ийин сөөгүнүн башкы жагын бирдей дарылоо протоколу жокко эсептелинет. Ал сөөктүн куң жиликтин беш жагынын сыныгы көбүнчо бүтпөй калат жана жалган муунга айланышы ар кандай авторлордун маалыматы боюнча 10% жетет. Күң (ийин) жиликтин баш жагынын сыныгы абдан көп кездешет, сынык 60 жаштан өткөндо көбүрөөк кездешет. Бул сыныкты дарылоонун көп түрлөру кездешет консервативдик жана операция жолу менен. Алар ийнелер менен кадоо жабык түрүндө, пластиналар менен синтездөө, штифтөө дана муунду протездөө болуп саналат. Авторлор КТЖОдо дарыланган 35 бейтаптын күң (ийин) жиликтин жогорку учунун майдаланган сыныктарын дарылоонун найтыйжаларын изилдешкен. Бул изилдөөнун максаты – күң (ийин) жиликтин жогорку учунун сыныктарын хирургиялык дарылоонун натыйжаларын билдирүү. Биздин маалымат боюнча, дарылоонун «алтын стандарты» Т-түрүндөгү жана LCP пластинасы менен остеосинтез болуп саналат. Узак мөөнөттүү байкоого алынган 28 бейтаптын 13ү (46,5%) эң жакшы, 8инде (28,6%) жакшы, 5инде (17,8%) канааттандырлык жана 2синде (7,1%) – дарылоонун канааттандырарлык эмес натыйжасы катары деп бааланган. Дарылоонун оң натыйжасы 92,1% түздү

Негизги сөздөр

күң (ийин) жиликтин жогорку учунун майдаланган сыныктары, остеосинтез, сөөк пластиналары

Цитаталоо

APA Style
Imanaliev, A., Tashmatov, A. & Ermatov, B. (2024). Surgical treatment of the patients with comminuted fractures of the proximal humerus. Eurasian Health Journal, 16(4), 104-108. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-4-104
Copied!
Vancouver Style
Imanaliev, A., Tashmatov, A., Ermatov, B.. Surgical treatment of the patients with comminuted fractures of the proximal humerus. Eurasian Health J. 2024;16(4):104-8. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-4-104
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар