Том 16, № 4, 2024 / Барактар 57-63

Бутту узартуунун операциялык ыкмасын оптимизациялоо

Кабыл алынган убакыт 25.04.2024
Түзөтүлгөн 09.08.2024
Кабыл алынган 27.09.2024

Аннотация

Бутту узартууда А.И. Блискуновдун жана Г.А. Илизаровдун аппараттары эң көп колдонулууда. Бул ыкмаларды пайдаланууннун терс жактары болуп ыңгайсыз аппаратты узартылып жаткан бутта көп убакытка чейин алып жүрүү, сөөк сыныктарынын экинчи катардагы жылышыпкетүүсү, спицалардын ордунда остеомиелиттин пайда болуусу, жанындагы муундардын контрактурасы, импланттардын жана шаймандардын жогорку технологиялык деңгээли жана хирург-ортопеддин жогорку квалификациясына болгон талаптар болуп эсептелет. Биз буттун узун сөөктөрүн комбинациялап узартуунун жаңы ыкмасын иштеп чыгып клиникалык тажрыйбага киргиздик (КР № 140 19.08.2011 жылдагы ойлоп табуу патенти, № 41/12 30.11.2012ж., жана № 45/12 04.12.2012 ж., рационализатордук сунуштамалардын күбөлүгү). Жаңы ыкманын негизинде сөөк сыныктарын фиксация жана дистракция эки ыкмасынын айкалышы жатат: сөөк аркылуу сыныктын очогунан сырткары остеосинтездөө аппаратын жана сөөк үстүнөн остеосинтездөөнү колдонуу. Бишкек ш. ТМЖБКО шартында бул ыкма 49 оорулууга пайдаланылган, алардын орточо жаш курагы 23.8 жашты түздү. Сыныктын очогунан сырткаркы остеосинтез (Илизаров аппараты) менен оригиналдуу түзүлүштөгү сөөк үстүнкү пластинаны комбинациялоо узартуунун акыркы натыйжаларын жакшыртууга мүмкүндүк берди. Ошондой эле адаттагы колдонулган ыкмаларда кезиккен кабылдоолордун саны да азайган (спицанын ордунун остеомиелити, сөөк фрагменттеринин жылышып кетүүсү, алсыз сөөк регенератынын пайда болуусу, жалган муун, десмо- жана миогендик контрактуралар)

Негизги сөздөр

буттун кыскаруусу; Илизаров аппараты; сөөк үстүнөн остеосинтез; бутту узартуу

Цитаталоо

APA Style
Dzhumabekov, S. & Kuluev, T. (2024). Optimization of operative techniques for lower limb lengthening. Eurasian Health Journal, 16(4), 57-63. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-4-57
Copied!
Vancouver Style
Dzhumabekov, S., Kuluev, T.. Optimization of operative techniques for lower limb lengthening. Eurasian Health J. 2024;16(4):57-63. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-4-57
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар