Аннотация
Иште өзүбүздүн тажрыйбабызга жана эл аралык рекомендацияларга таянып, политравмада кан жоготуу жана гемарогиялык шок үчүн инфузиялык-трансфузиондук терапиянын негизги принциптери көрсөтүлгөн. Клиникалык медицинанын бардык тармактарында көптөгөн эмгектер курч кан жоготууда алмаштыруучу терапияга, аны оңдоонун мүмкүнчүлүктөрүнө жана ар кандай ыкмаларына арналган. Мунун езу проблеманын ете курчтугун да, аны чечуунун жолдору боюнча консенсустун жоктугун да керсетет. Биздин иш курч массалык травматикалык кан жоготуу үчүн трансфузия терапиясынын негизги өзгөчөлүктөрүн чагылдырат. Өзгөчө көңүл трансфузиондук терапия концепциясындагы акыркы 10 жылда болгон өзгөрүүлөргө бурулат. Курч жайылган тамыр ичиндеги коагуляциянын прогрессиясын болтурбоо үчүн эң эффективдүү терапиялык чаралар катары ЖТП нын чоң дозаларын эрте куюунун жана тромбоциттик концентратты өз убагында колдонуунун зарылдыгы жөнүндө жобонун маанилүүлүгү баса белгиленген. Жабырлануучуларда метаболикалык ацидоздун тез-тез өнүгүшүнүн шарттарында туздуу эритмени ашыкча колдонууга жол берилбейт деген тыянак чыгарылган. Биз сунуш кылган ыкма бардык адистиктеги дарыгерлерге, курсанттарга жана медициналык факультеттин студенттерине арналат. Сунушталып жаткан трансфузия протоколун Кыргыз Республикасынын аймактык ооруканаларынын клиникалык практикасына киргизүү боюнча суроолорду карап чыгабыз
Негизги сөздөр
кан жоготуу; кан айлануу; тамырлардын спазмы; кан куюу; гемодинамикаЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар