Том 16, № 4, 2024 / Барактар 220-224

Термомеханикалык форма эс тутуму бар фиксаторлорду колдонуу менен күң (ийин) жиликтин жогорку учунун остеосинтези

Кабыл алынган убакыт 11.04.2024
Түзөтүлгөн 16.08.2024
Кабыл алынган 27.09.2024

Аннотация

Травматология жана ортопедиядагы эң актуалдуу маселелердин бири болуп күң (ийин) жиликтин проксималдык учунун сыныктарын хирургиялык дарылоо маселеси болуп саналат. Күң (ийин) жиликтин проксималдык учунун сыныктары бардык күң жилик (ийин) сыныктарынын 80%ын түзөт. Күң жиликтин (ийин) проксималдык учу сынганда ар кандай пластиналар, сөөк ичиндеги стержендер, бурамалар, спицалар, металл айрылар, зым илмектер ж.б.у.с. фиксаторлор колдонулат. Бул фиксаторлор, эреже катары, күң жиликтин (ийин) проксималдык учун жетишерлик бекем остеосинтезди камсыз кыла албайт, ошондуктан, операциялардан кийин, айрыкча улгайган бейтаптарда, гипс менен жабыркаган колун кошумча тышкы иммобилизациясы жүргүзүлөт. Хирургиялык практикада термомеханикалык формадагы эс тутумга ээ материалдан жасалган металл конструкцияларды жана импланттарды колдонуу белгилүү, алардын артыкчылыгы - материалдардын организмге жогорку биологиялык шайкештиги, жакшы фиксациялоо, дарылоонун бүткүл мезгили үчүн бекем компрессияны камсыз кылуу жана бул металл конструкцияларды алып салуу боюнча операциялар талап кылынбайт. 15 жаштан 72 жашка чейинки 6 бейтаптын термомеханикалык формадагы эс тутуму бар фиксаторлордун жардамы менен күң жиликтин проксималдык учундагы жаракаттарды хирургиялык дарылоо тажрыйбасы Клиникалык тез жаздам ооруканасынын травматология бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн. Мониторингге алынган 6 бейтаптын ичинен 5 (83,4%) пациентте эң жакшы, жакшы, канааттандырарлык жыйынтыктары алынган, 1 (16,6%) пациентте дарылоонун канааттандырарлык эмес натыйжасын алдык

Негизги сөздөр

остеосинтез; формалык эс тутуму бар S формасындагы штапельдер; термомеханикалык эс тутуму бар штапель-пластинка; интрамедуллярдык фиксатор; ички чыңалуу остеосинтези

Цитаталоо

APA Style
Ermatov, B., Dzhumabekov, S. & Mamytov, E. (2024). Osteosynthesis of the proximal end of the humerus using clamps with thermomechanical shape memory. Eurasian Health Journal, 16(4), 220-224. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-4-220
Copied!
Vancouver Style
Ermatov, B., Dzhumabekov, S., Mamytov, E.. Osteosynthesis of the proximal end of the humerus using clamps with thermomechanical shape memory. Eurasian Health J. 2024;16(4):220-4. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-4-220
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар