Том 16, № 4, 2024 / Барактар 133-139

Диспластикалык коксартроздордо алгачкы эндопротездөө

Кабыл алынган убакыт 21.05.2024
Түзөтүлгөн 05.08.2024
Кабыл алынган 27.09.2024

Аннотация

2006-жылдан 2021-жылга чейин Бишкек травматология жана ортопедия илимий- изилдөө борборунда биздин байкообузда 377 диспластикалык коксартроз менен 16 жаштан 68 жашка чейинки бейтаптар болгон, алар чет элдик фирмалардын эндопротездерин колдонуу менен жамбаш муундарын толук алмаштырышкан. Оорулууларды байкоо убактысы 6 айдан 15 жылга чейин болгон. Диспластикалык коксартроз менен ооруган бардык бейтаптар J.F. Crowe классификациясына ылайык, жамбаш башынын сублюксациясына (проксималдык миграциянын чоңдугу) жараша дисплазия даражасын аныктоочу үч топчого бөлүнгөн. Биринчи топчого 176 бейтап бөлүштүрүлгөн, аларга I даражадагы дисплазия фонунда жамбаш муундарын тоталдык алмаштыруу боюнча 230 операция жасалган, экинчисине дисплазиянын II жана III даражасы менен жабыркаган 132 бейтап, алар 152 муундун эндопротездөөсүнө дуушар болгон жана жана үчүнчү топчого – 69 бейтап, дисплазиянын IV даражасынын фонунда 70 жамбаш муундарын алмаштырган (жамбашынын жогорку чыгып кетиши менен). Жамбаш муунун алмаштырууда ацетабулярдык компоненттин сөөк менен камтылышынын кемчиликтер маселесин чечүү үчүн биз математикалык эсептөөнүн методун иштеп чыктык жана практикага киргиздик. Анын жардамы менен математикалык модел аркылуу оптималдуу өлчөмү түзүлөт. Эндопротездөөдө ацетабулярдык компоненти үчүн жумушчу бети пайыз менен эсептелет. Алынган маалыматтарды статистикалык талдоо жана диспластикалык коксартроз менен ооругандарды дарылоонун натыйжаларын жалпы эндопротездөө ыкмасын колдонуу менен баалоо байкоолордун 84,6%ында оң динамикасын аныктады

Негизги сөздөр

дисплазиялык коксартроз; тоталдык эндопротездоо; имплантат; сөөк цементи

Цитаталоо

APA Style
Kalchaev, B. & Sharshenov, K. (2024). Primary endoprosthetics for dysplastic coxarthroses. Eurasian Health Journal, 16(4), 133-139. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-4-133
Copied!
Vancouver Style
Kalchaev, B., Sharshenov, K.. Primary endoprosthetics for dysplastic coxarthroses. Eurasian Health J. 2024;16(4):133-9. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-4-133
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар