Том 16, № 4, 2024 / Барактар 206-212

Узун сөөктөрдүн сыныктарын металлоконструкциялар менен дарылоодогу инфекциялык оорлошууларды алдын алуу жана дарылоо ыкмалары

Кабыл алынган убакыт 08.05.2024
Түзөтүлгөн 23.08.2024
Кабыл алынган 27.09.2024

Аннотация

Узун сөөктөрдүн сыныктарын дарылоодо инфекциялык оорлошуулар олуттуу көйгөй болуп саналат. Алар дарылоонун олуттуу начарлашына жана ал тургай, бейтап үчүн узак госпитализацияга алып келиши мүмкүн. Бул жагынан алганда, компетенттүү алдын алуу жана жугуштуу ооруларды өз убагында дарылоону ишке ашыруу маанилүү болуп саналат. Бул макалада биз буту-колу сынганда жана жасалма муун жасалган операциялардан кийинки инфекциялык оорлошуулардын өнүгүшүн талдап чыктык. Жалпысыан 20 бейтап Талас облустук биргелешкен оруканасында дарыланышкан, бардык бейтаптарга бактериологиялык изилдөөлөр ирин чыкан жарадан жана операция учурунда алынган. Антибиотиктерапиясы микробиологиялык анализдин негизинде жургузулгөн. 3 учурда гана бейтапка койулган имплантты сактап калынган, башка учурларда койулган имплант жана протездер алынып сырткы кармоочу аппарат менен бекитилген. Узун сөөктөрдүн сынышындагы дарылоодо инфекциялык кыйынчылыктардын алдын алуу жана дарылоо стратегияларына талдоо жүргүзүлдү. Буга чейинки изилдөөлөрдүн натыйжалары, медициналык сунуштар жана бул багыттагы клиникалык тажрыйбалар талдоого алынган

Негизги сөздөр

инфекциялык оорлошуулар; металлоконструкция; тышкы фиксация аппараты; операцияга чейинки антибиотикопрофилактикасы

Цитаталоо

APA Style
Usupbekov, N., Bolotkan uulu, N. & Avtandil, Z. (2024). Prevention and treatment of infectious complications in limb fractures using metal implants. Eurasian Health Journal, 16(4), 206-212. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-4-206
Copied!
Vancouver Style
Usupbekov, N., Bolotkan uulu, N., Avtandil, Z.. Prevention and treatment of infectious complications in limb fractures using metal implants. Eurasian Health J. 2024;16(4):206-12. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-4-206
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар