Том 16, № 4, 2024 / Барактар 30-35

Билек сөөктүн дисталдык метаэпифизинин сыныктарынын консервативдик жана перкутандык спица менен дароо ыкмаларынын жыйынтыктарын салыштыруу

Кабыл алынган убакыт 13.03.2024
Түзөтүлгөн 12.08.2024
Кабыл алынган 27.09.2024

Аннотация

Билек сөөктүн дисталдык метаэпифизинин сынышы Кыргыз Республикасында гана эмес, бүткүл дүйнөдө травматологиянын жана ортопедиянын актуалдуу көйгөйү бойдон калууда, анын себеби жашоонун орточо узактыгынын узарышы, урбанизация, постклимактериялык мезгилдеги аялдардын остеопорозу, адамдардын жалпы жыргалчылыгынын өсүшү, калктын жан башына автомашиналардын санынын көбөйүшү, демек, ири шаарлардын, айылдардын жолдорундагы автокырсыктардын саны, ошондой эле көк- бөрү, паркур, ылдам жүрүүчү велосипеддер сыяктуу коркунучтуу "спорттун түрлөрүнүн" популярдуулугу, скутерлерди көптөгөн шаар тургундары жакшы көрүшөт, жабыркагандардын көбү эмгекке жарамдуу курактагы адамдар (18-59 жаш), ошол себептен кыска убакыттын ичинде толук калыбына келууну жана толук реабилитация болууну талап кылышат. Билек сөөктөрүнүн сынышынын жыштыгы анын ичинде дисталдык метаэпифизинин сыныктары травманын структурасында маанилүү орунду ээлейт. Билек соогунуну сынышын дарлоонун коптогон ыкмалары болгонуна карабастан, канааттандырарлык эмес натыйжалардын пайызы жогору бойдон калууда. Бул травманын оордугу, анатомиялык түзүлүшүнүн татаалдыгы жана колдун физиологиялык функцияларынын кылдаттыгы менен гана эмес, диагностикада, дарылоо методун тандоодо жана билек сөөктүн дисталдык метаэпифизинин сыныктары бар оорулууларды дарлоо тактикасында кетирилген каталардын көп болушу менен байланыштуу. Билек сооктун дисталдык метаэпифизинин сыныктарын дарылоодон кийинки кыйынчылыктардын көпчүлүгү билек муунунун узак иммобилизациясы менен байланыштуу экендигин эске алганда, минималдуу инвазивдик ыкма зарыл, мында сыныктарды жетиштүү фиксациялоо, атүгүл остеопороз менен ооруган бейтаптарда дагы, экинчи жылышуу мүмкүнчүлүгүн алдын алат жана бейтаптарга операция жасалган муунда кыймылды эрте баштоого мүмкунчулк тузулот. Бишкек клиникалык тез жардам коргозуу оруканасында билек сооктун дисталдык метаэпифизинин жаракаттары бар пациенттерге клиникалык изилдөөлөр жана байкоо жүргүзүү жана дарылоонун ар кандай методдорунан алынган маалыматтарга салыштырмалуу талдоо жүргүзүлүүдө

Негизги сөздөр

менен дароо ыкмаларынын жыйынтыктарын салыштыруу билек сөөк; сынык; остеосинтез; малоинвазивдүү метод

Цитаталоо

APA Style
Dzhumabekov, S., Anarkulov, B., Donbaev, T. & Kalchaev, B. (2024). Comparative analysis of the results of a conservative treatment method and percutaneous osteosynthesis with wires for intra-articular fractures of the distal metaepiphysis of the radius. Eurasian Health Journal, 16(4), 30-35. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-4-30
Copied!
Vancouver Style
Dzhumabekov, S., Anarkulov, B., Donbaev, T., Kalchaev, B.. Comparative analysis of the results of a conservative treatment method and percutaneous osteosynthesis with wires for intra-articular fractures of the distal metaepiphysis of the radius. Eurasian Health J. 2024;16(4):30-5. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-4-30
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар