Аннотация
Бул изилдөөдөө, 52 бейтаптын төмөнкү буттардын сөөктөрүнүн полисегменталдык сыныктары менен айыктырышынын натыйжаларына талдоо жүргүзүльгөн. Изилдөө БНИЦТО хирургиялык дарылоодон өткөн бейтаптардан чогултулган клиникалык маалыматтарды талдоого негизделген. Бул изилдөө боюнча сөөктөрдүн полисегменталдык сыныктардын эки буттун эки тараптуу сыныктары (36,5%), сан жана буттун ипсилаталдык сыныктары (23,1%) басымдуулук кылары жана көп экендиги аныкталды. Тышкы бекитме аппараты менен ички бекитме остеосинтезинин бир учурда колдонулган тактикасы 88,9% учурларда жакшы натыйжаларды алууга мүмкүндүк берди. Изилдөөнүн натыйжалары хирургиялык кийлигишүү ыкмаларын тандоону оптималдаштыруу жана бейтаптардын бул категориясына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында төмөнкү бутунун сыныктарын дарылоо менен алектенген дарыгерлер үчүн маанилүү маалыматтарды берет. Эрте мобилизациялоонун жана пациенттин калыбына келтирүү процессине активдүү катышуусунун артыкчылыктары баяндалып, реабилитациянын мөөнөттөрү жана этаптары жөнүндө маалыматтар келтирилген
Негизги сөздөр
бут сөөктөрдүн полисегменталдык сыныктары; бир эле мезгилде остеосинтез; тышкы фиксация аппаратыЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар