Аннотация
2021-2024-жылдар аралыгында Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунун ортопедия бөлүмүндө бел омурткасынын дегенеративдик оорусу менен жабыркаган 120 бейтапка хирургиялык дарылоо жүргүзүлгөн. Операциядан кийинки мезгилде оору синдромунун жоголушу бейтаптардын 42,6%да байкалган жана жетишилген эффект узак мөөнөттүү байкоодо сакталган. Ооругандардын 3,3%ында олуттуу оору синдрому сакталган. Изилдөө көрсөттү, заманбап хирургиялык ыкмалар, анын ичинде алдыңкы спондилодез жана грыжаны микрохирургиялык жол менен алуу, салттуу ыкмаларга салыштырмалуу дарылоонун жыйынтыктарын кыйла жакшыртат. Эрте реабилитациялоо программаларын колдонуу бейтаптардын тез калыбына келишине өбөлгө түзөт. Белдин никелид титанынан жасалган алдыңкы стабилдештирүүчү импланттардын киргизилиши омуртканы туруктуулугун жана кайталануу коркунучун азайтты. Оперативдик жолу, дары-дармек менен дарылоону жана реабилитациялык программаларды камтыган комплекстүү ыкма жогорку натыйжалуулугун көрсөттү. Медициналык реабилитация дарылоо дене тарбиясы жана физиотерапия ыкмаларын колдонуу менен булчуңдарды бекемдөөгө жана оору синдромун азайтууга чоң роль ойнойт. Татаал учурларда жыйынтыктарды жакшыртуу үчүн мындан аркы изилдөөлөр жана дарылоо ыкмаларын өркүндөтүү зарыл
Негизги сөздөр
оруу синдрому; жүлүндүн алдынкы биригүү; диск грыжа микрохирургиялык алып салууЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар