Аннотация
Бул макалада Кыргыз Республикасында өскөн жана ноотроптук касиеттерге ээ болгон альфредия карлуу деген аз белгилүү өсүмдүктүн изилдөөсүнө арналган. Бул теманын актуалдыгы когнитивдик жана мнестикалык жаатындагы бузулуулар менен байланышкан оорулардын өсүп жаткан көйгөйү менен түшүндүрүлөт. Кийинки мезгилде нерв жана психикалык бузулуулардын эффективдүү фармакотерапиясын изилдөө жана иштеп чыгуу милдети өзгөчө мааниге ээ, анткени бул маселелердин социалдык мааниси жогору. Ноотроптук препараттар борбордук нерв системасынын зыянданган оорулары менен байланышкан кеңири спектрде жогору нервдик иштин бузулуларын оңдоодо алмаштырылгыс ролду ойнойт. Учурда медицинада өсүмдүк фитосубстанциясына негизделген жаңы препараттарды киргизүү аркылуу дары-дармектердин ассортиментин кеңейтүү боюнча негизги багыттардын бири болуп саналат, айрыкча, ноотроптук эффектке ээ болгон препараттар. Изилдөөнүн максаты бул өсүмдүк сырьесун изилдөө. Изилдөөнүн материалдары кардуу альфредиянын гүлдөрү, сабактары, жалбырактары жана өсүмдүгүнүн тамырлары, гүлдөө учурунда жыйналган. Анализ жүргүзүү үчүн ботаникалык жана геоботаникалык методдор колдонулду. Кардуу альфредиянын ареалын жана экологиясын изилдөө фармацевтикалык изилдөөлөрдүн келечектеги багыттарын түзөт, анткени анын Кыргыз Республикасындагы таралышы жаңы фитосубстанцияларды түзүүгө мүмкүнчүлүктөрдү ачат, бул когнитивдик бузулууларды дарылоо ыкмаларын кыйла жакшыртат. Узак издөө иштеринин натыйжасында бул дары өсүмдүк сырьесу Чүй облусунда, Кемин районунда, Ак- Тюз айылында табылган. Жыйынтык: жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жүрүшүндө кардуу альфредиянын таралышынын ареалы ийгиликтүү аныкталып, анын экологиялык өзгөчөлүктөрү сүрөттөлдү. Бул изилдөө ушул түр тууралуу түшүнүктү кеңейтүү менен гана чектелбестен, анын курамындагы активдуу заттар ноотроптук касиеттерге ээ экендигин көргөзуп турат
Негизги сөздөр
альфредия кардуу; ареал жана экология; Кыргыз Республикасы; Кемин; дары өсүмдүк сырьесу; фитосубстанция; ноотроптук эффектЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар