Аннотация
Бул тема билим берүүдөгү заманбап тенденцияларды, интерактивдүү окутууга басым жасоо жана заманбап технологияларды колдонуу, атайын окуу материалын – латынча- кыргызча окуу сөздүгүн түзүү зарылчылыгы менен айкалыштырат. Келечектеги медициналык практикада латын терминдерин колдонгон медициналык адистиктердеги студенттердин муктаждыктарын эске алуу маанилүү. Мындай окуу сөздүгү латын тилинин лингвистикалык аспектилерин клиникалык мисалдар жана материалды натыйжалуу өздөштүрүү үчүн заманбап билим берүү методикасы жана ыкмалары менен айкалыштырууга тийиш. Заманбап медициналык билим берүүдө клиникалык көндүмдөр менен теориялык билимдерге гана эмес, латын тилин жана медициналык терминологиянын негиздерин тереңдетип үйрөнүүгө да өзгөчө көңүл бурулат. Медициналык адистиктердин студенттери үчүн заманбап латынча- кыргызча окуу сөздүгүн иштеп чыгуу окуу процессинин негизги элементи болуп, салттуу окутуу ыкмаларын инновациялык ыкмалар менен айкалыштырат
Негизги сөздөр
окуу сөздүк; латын тили; кыргыз тили; инновацияЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар