Аннотация
Макала азыркы учурда жаштар арасында папулярдуу болуп жаткан чылым чегүү жана электрондук тамеки, анын ден соолукка тийгизген таасири жана зыянынын актуалдуу аспектилерин ачып берет. Иштин олуттуу бөлүгү жаштар жана окуучулар арасында чылым чегүүсүнө анализ жасалган. Бул эл арасындагы тамеки чегүүнүн канчалык таралгандыгы жөнүндө баяндалат. Макалада жаштар арасындагы 14-31 жаштагы тургундардын суроо-жооп катары алынган анкеталык отчеттор талдоого алынды. Калктын ар кандай курактык (14-31) топторунун арасындагы анкеталык сурамжылоого 126 адам катышты. Окуучулардын арасындагы (14-15жаш) ооз эки сурамжылоого катышкандар 76 окуучуну түздү. Алардын 51%ы эркектер жана 49% аялдар. Жаш курагы боюнча 14-18жаш 16%, 19-23 жаш 69%, 24-30 жаш 12%, 30 жаштан жогоркулары 3%ын түзөт. Иштин максаты. Эл арасындагы, анын ичинде жаштардын чылым тартуусунун эпидемиологиясы жана алардын жаштар арасында (14-31жаш) таралуу абалын изилдөө болуп саналат. Изилдөө Бишкек шаарынын тургундары жана окуучулар арасында өткөрүлдү. Изилдөөнүн материалдарына 14-31 жаштар арасындагы мектеп окуучуларынын жана жаштардын арасында өткөрүлгөн анкеталык статистикалык эсептөөлөрү кирет. Мектеп окуучуларынын арасындагы ачык суроо-жооптун жыйынтыгы төмөндөгүчө: 18% чегип көргөн эмес, 25% колдонуп көргөн жана азыр да чегет, 57% колдонуп көргөн. Өспүрүмдөр жана мектеп окуучуларынын дээрлик 82%ы чылымды мектепте окуп жүргөн мезгилинде эле татып көрүшөт жана 25%ы ошол учурдан баштап чегип башташат
Негизги сөздөр
чылым тартуу; жаштар; вейп; ден-соолук; жаш өспүрүм; статистика; никотин; мода; организмЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар