Аннотация
Баш-сөөк ичиндеги басым жогорулаган учурдагы көрүү нерв үрпүнүн шишүүсү алгач 1853-жылда сүрөттөлгөн. Андан бери көптөгөн гипотезалар анын патогенезин аныктагандай сезилет. Иштин максаты катары патогенез негиздерин изилдеп, алгачкы гипотезалардын тууралыгын текшерип, аягында, изилдөө жыйынтыктарына таянып, патогенездин механизмдерине логикалуу түшүнүк берүү каралган. Изилдөө төмөнкү суроолорду өзүнө камтыган: көрүү нервинин анатомиясы жана кан менен камсыздалуусу, көрүү нервинин чел кабыгынын ролу, көрүү нервин бойлоп суюктуктардын агуусу, көз торчосунун борбордук венасынын кысылуусу жана ага байланышкан кесепеттер. Баш-сөөк ичиндеги басым тез жогорулаган учурда көрүү нервинин үрпүсү шишиген эмес. Андан соң, мээнин айрым бөлүктөрүндө улам чоңоюп бараткан көлөмдүү зыяндардын негизинде хроникалык баш-сөөк ичиндеги басым жогорулоосу байкалган. Ал өзгөрүүлөр жүлүн-мээ суюктугунун басымынын жогорулашына жана көрүү нервинин үрпүнүн шишүүсүнө алып келген, бул өзгөрүүлөр жүлүн-мээ суюктугунун басымы жогору бейтаптарда байкалган
Негизги сөздөр
патогенез; көз нервинин үрпү; көз түпкүрү; көрүү функциясы; баш-сөөк ичиндеги басымдын гипертензиясыЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар