Аннотация
Иштин максаты: лапароскопиялык алдыңкы төмөн жана өтө төмөн көтөн чучуктун резекцияларынын дароо натыйжаларын талдоонун негизинде, колоректалдык анастомоз чөйрөсүндө ириңдүү-септикалык татаалдашуулардын алдын алуу үчүн хирургиялык тактиканы иштеп чыгуу. Материал жана методдор: колоректалдык анастомозун төмөн жана өтө төмөн жасалуусу менен көтөн чучуктун лапароскопиялык алдыңкы резекция жасалган 8 бейтаптын хирургиялык дарылоосунун натыйжалары талданды. Эркектер 5 (62,5%), аялдар 3 (37,5%) адамды түздү. Оорулуулардын орточо жашы 62 жашты (37-76 жаш) түздү. III стадиядагы көтөн чучуктун рагы 5 (62,5%) бейтапта, II стадияда 2 (25%) жана I стадияда 1 (12,5%) аныкталган. Көтөн ичегинин рагынын локализациясы: төмөнкү ампулярдык бөлүм - 1 (12,5%), орто ампулярдык бөлүм - 3 (37,5%), жогорку ампулярдык бөлүм - 2 (25%), ректосигмоиддик бөлүм - 2 (25%). Гисто-морфологиялык сүрөтү: ар кандай даражадагы дифференциациядагы аденокарцинома. Жыйынтыктар жана талкуу: бардык бейтаптар өлүмсүз ооруканадан чыгарылды. Оорулуулардын стационардык болушунун орточо узактыгы 12 керебет күн (10-17 күн). 3 (37,5%) пациентте операциядан кийинки мезгилдин 3-5-күнүндө колоректалдык анастомоздун тигишинин жетишсиздиги пайда болгон. 2 бейтапка кайра операция жасалды (1 – лапаротомия, колостомия, 1 – лапаротомия, экстраперитонизация жана анастомоз аймагын экстраперитонеалдык дренажы). Корутундулар: Операция жасоого мүмкүн болгон көтөн чучуктун рагынын хирургиялык дарылоосу лапароскопиялык жол менен жасоо артыкчылыктуу. Колоректалдык анастомоздун жетишсиздиги шишиктин локализациясынын төмөндөшүүсү менен көбөйөт. Лапароскопиялык алдыңкы көтөн чучуктун резекциясынын методологиясында операциянын төмөнкү этаптарын аткаруу сунушталат: профилактикалык колостомияны колдонуу, жамбаштын перитонеумун тигип коюу менен колоректалдык анастомозду экстраперитонеализациялоо, сол илиндик аймакта орнотулган экстраперитонеалдык дренаж менен анастомоз аймагын дренаждоо
Негизги сөздөр
көтөн чучуктун рагы; көтөн чучуктун лапароскопиялык алдыңкы резекциясы; колоректалдык анастомоздун жетишсиздиги; ириндүү-сезгенүү татаалдашуулардын алдын алуу; экстраперитонизацияЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар