Том 16, № 5, 2024 / Барактар 97-104

Жаракаттык гематоманы дарылоодо краниотомиядан кийин бир жылдык мөөнөттөгү натыйжалары

Кабыл алынган убакыт 19.06.2024
Түзөтүлгөн 07.11.2024
Кабыл алынган 13.12.2024

Аннотация

Жаракаттык гематомасына байланыштуу баш-сөөк трепанациясына кабылган каректери эки жактуу кеңейген кырк удаалаш бейтаптар жашап кетүү сапатына байланыштуу факторлору жана алып баруу критерийлерин иштеп чыгаруу үчүн изилденген. Материал жана ыкмалар. Краниотомиядан кийинки бир жылдык мөөнөттө клиникалык жана компьютердик томография (КТ) маалыматтары корреляцияланган. Функционалдык калыбына келүүнүн (жакшы натыйжа же жеңил майыптык) 25% түзгөн, ал эми өлүмдүн деңгээли 43% түздү. Натыйжалар. Субдуралдык гематомасы бар бейтаптарда өлүм көрсөткүчү эпидуралдык гематомасы бар бейтаптарга (18%) салыштырмалуу жогору (64%) болгон (критерий хи-квадрат, р > 0,05). Өсүп бараткан майыптык жана өлүмгө байланышкан башка факторлорго жаш курагынын жогору болуусу (> 20 жаш), каректердин реакциясы жоголгондон баш-сөөк трепанацияга чейинки узак  интервал (> 3 саат), компьютердик томографияда аныкталган базалдык цистерналардын кысылуусу жана субарахноидалдык кан куюлуу кирген. Төмөнкү белгилер байкалган бейтаптардын арасында жакшы болуу аныкталган эмес: операция каректердин реакциясы жоголгондон кийин 6 сааттан  көп мөөнөттө жасалса; жаш курагы 65тен улуу болсо; же кыймыл реакциясынын жоктугу. Корутунду. Алынган натыйжалар курч субдуралдык гематоманын болуусу эки тараптуу каректердин реакциясынын жоголуусу бар бейтаптарда жалгыз өтө маанилүү терс акыбетке алып келүүчү предиктор экендигин күбөлөп турат

Негизги сөздөр

каректердин ареактивдүүлүгү; баш-сөөк трепанациясы; жаракаттык гематома

Цитаталоо

APA Style
Umetaliev, Yu. & Kalyev, K. (2024). Results of treatment of traumatic hematoma in patients one year after craniotomy. Eurasian Health Journal, 16(5), 97-104. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-5-97
Copied!
Vancouver Style
Umetaliev, Yu., Kalyev, K.. Results of treatment of traumatic hematoma in patients one year after craniotomy. Eurasian Health J. 2024;16(5):97-104. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2024-5-97
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар