Аннотация
Максат. Вестибулярдык шванномаларды алып салуу операциясынан кийин угуу функциясын сактап калуу татаал хирургиялык маселе болуп калууда. Кээ бир бейтаптарда ички кулак сакталуу болсо, угуунун жакшыруусуна жетишсе болот. Азыркы учурда кайсы бейтаптарда кандай натыйжа болоорун аныктоо кыйын болгондуктан, божомолдоо мурда жарык көргөн маалыматтарга таяянуусу зарыл. Биздин клиникалык мисалда вестибулярдык шванноманы алып салуу операциясынан соң угуусу анчалык эмес деңгээлден пайдалуу деңгээлге чейин өзгөргөн бейтаптын баяны келтирилген. Ыкмалар. Операция субокципиталдык ретросигмоиддик жол менен аткарылган. Бейтапка операцияга чейин жана операциядан соң аудиовизуалдык протокол өткөрүлгөн: таза тон жана сүйлөө аудиометриясы, отоакустикалык эмиссия, мээ өзөгүнүн угуу реакциялары, электронистагмография, ошондой эле толук анкеталык сурамжылоо. Угуунун пайдалуулугу 4 кГц жыштыгы кошумчаланган эл аралык сунуштамаларды колдонуу менен текшерилген Натыйжалар. Угуу пайдасыз деңгээлден пайдалуу деңгээлге чейин өзгөрүү менен сакталган. Болгон адабиятка таянуу менен, ушундай натыйжа берүүчү эң маалыыматтуу факторлор катары, мындайча караганда, операцияга чейинки нейросенсордук дүлөйлүк, өзгөчө отоакустикалык эмиссия жана өйдөңкү вестибулярдык нервинин зыянга учуроосу эсептелет. Корутунду. Бул темага арналган чектелүү гана сандагы изилдөөлөр бар, жана мурдагыдай эле, тандалган бейтаптарда регулярдык түрдө угууну жакшыртуу мүмкүн эмес. Андан тышкары, операциядан кийинки угуунун сапатынын маанилүүлүгү башка симптомдорго жана кабылдоолорго салыштырмалуу талкуу жаратып келет
Негизги сөздөр
вестибулярдык шваннома; угууну жакшыртуу; ретросигмоиддик ыкма; жашоо сапатыЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар