Аннотация
Мээ ичине кан куюлуулар (МКК) инсульттун өзгөчө катаал жана майыптоочу түрү болуп саналат. Контролдонбогон артериалдык гипертензия (АГ) спонтандык МКК кеңири тараган себеби болу эсептелет. Нейровизуализациядагы, инсультту уюштурулуп дарылоо, адистештирилген нейрореанимация, медикаментоздук жана хирургиялык дарылоонун акыркы жетишкендиктери МКК жабыркаган бейтаптарды кароону жакшыртты. Өз убагындагы дем алуу жолдорун коргоо, заладуу артериалдык гипертензияны контролдоо, коагулопатияны ыкчам дарылоо жана хирургиялык кийлигишүү МКК оор формасынан жабыркаган бейтаптарга жашап кетүүгө мүмкүнчүлүктү жогорулатат. Жакындагы эки рандомизацияланган изилдөөлөр систоликалык артериалдык кан басымын интенсивдүү <140 мм сым. мам. түшүрүүнүн коопсуздугун далилдешти. Антитромбоцитардык дарылоо алган бейтаптарга хирургиялык кийлигишүү пландалбаса, тромбоциттерди куюу көрсөтүлгөн эмес. Көлөмү маанилүү чоңойбогон кичине гематомасы бар бейтаптарга маннит менен гипертоникалык физиологиялык эритме (ГФЭ) куюунун зарылдыгы жок. Бирок, чоң көлөмдүү (көлөмү > 30 куб сантиметр) мээге кан куюлуусу бар же симптоматикалык перигематомалык шишүүсү бар бейтаптарда кан каймагында натрийдин деңгээлин 140-150 мэкв/л 7-10 күн кармоо мээ шишиүүсүн жана масс-эффектинин тароосун токтотууга шарт түзөт. Маннитол жана и ГФЭ өткөөл учурларда мээ шишүүсү күчөгөндө, баш сөөк ичиндеги басым (БСБ) жогорулаганда же дислокация өөрчүгөндө колдонуу пайдалуу. ГФЭ борбордук канал аркылуу тынымсыз инфузия (3%) түрүндө же болюстук ыкма (23,4%) менен берилүүсү тийиш. Вентрикулостомия мээ карынчаларына кан куюлган, гидроцефалиясы же жогору БСБ бар оор бейтаптарга көрсөтүлгөн. Кара кушунда же чыкый үлүшүндө гематомасы бар бейтаптарга ыкчам гематоманы алып салуу пайда берет
Негизги сөздөр
мээ ичине кан куюлуу; инсульт; артериалдык гипертензия; баш сөөк ичиндеги басым; баш сөө ичиндеги гематомаЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар