Аннотация
Курч аппендицит курсак көңдөйүндө кезигүүчү курч хирургиялык оорулардын арасынан биринчи орунда турат жана операция болгон оорулуулардын ичинен 70-75 пайызын түзөт. Дарт аныктоодогу катачылыктар 12%-31% пайызга чейин жетет, ал эми ооруканага чейинки (биринчи баскычтагы медициналык мекемелер) ката кетирүү 70% чейин жетет. Дарт аныктоону жакшыртуу максатында көптөгөн изилдөө шкалалары ойлонуп табылган, алар жөнөкөй жана инвазивдүү эмес. Изилдөөнүн максаты: улгайган жана кары адамдарга курч аппендицит диагнозун коюуда колдонулган шкалалардын колдонуу мүмкүнчүлүгүн аныктоо менен дарт аныктоонун натыйжасын жакшыртуу. Материалдар жана ыкмалар. Изилдөөгө курч аппендицит дартына шектенүү жаралган улгайган жана кары курактагы бейтаптардын баардыгын проспективдүү түрдө курч аппендицит дартын аныктоодо колдонулуп келген шкалалардын критерийлериндеги баардык клиникалык белгилер аныкталды жана лабаратордук изилдөөлөр жүргүзүлдү. Жалпы кайрылган бейтаптардын саны 252. Курч аппендицит дарты аныкталып операция болуп дарыланган 82 бейтаптын оору баяндарына ретроспективдүү изилдөө жүргүзүлдү. Натыйжалар. Изилдөөнүн натыйжасында курч аппендицитти аныктоодо колдонулуучу шкалалардын критерийлеринин дал келүүсү ар кандай денгээлде, ал 81,7 пайыздан 93,9 пайызга жетет. Корутунду. Улгайган жана кары адамдарга курч аппендицит дартын аныктоо үчүн колдонууга жарай турган аныктоочу болуп RIPASA шкаласы эсептелет
Негизги сөздөр
острый аппендицит; лица пожилого и старческого возраста; червеобразный отросток; диагностические шкалыЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар