Аннотация
Бишкек шаарынын тургундарынын ооруга чалдыккандыгы менен атмосфералык абанын булгануу көрсөткүчтөрүнүн ортосунда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн анализинин натыйжалары макалада берилген. Атмосфералык абанын булганышы боюнча маалыматтар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Гидрометеорология боюнча мамлекеттик агенттиктин (Кыргызгидромет) жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин отчетторунан алынды. Ооругандыкка талдоо Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин 2015-жана 2019-жылдарындагы отчетуна ылайык жүргүзүлгөн. Үзгүлтүксүз байкоолор боюнча, 2015-2021-жылдарда Бишкек шаарында азоттун диоксидинин орточо жылдык концентрациясы жол берилген эң жогорку концентрациядан 1,2ден 1,5 эсеге чейин ашты; формальдегид – 2,3 эседен 3,7 эсеге чейин; өлчөмү 10 микрометрден аз бөлүкчөлөр 3 эсе, өлчөмү 2,5 микрометрден аз бөлүкчөлөр (PM2.5) - 1,4 эсе ашкан. Шишиктердин өсүшү абадагы канцерогендер болгон формальдегид жана бензопирен-3,4 менен байланыштуу болушу мүмкүн. Дем алуу органдарынын ооруларынын 32,8%га көбөйүшү азот кычкылынын таасири менен байланыштуу, алар суу буусу менен кошулганда өпкө ткандарын бузуп азот кислотасын пайда кылып, өпкөнүн өнөкөт ооруларына алып келет. Айрыкча шаарда атомдук электр станциялары жана өнөр жай ишканалары жок болгондуктан, шишик жана тубаса аномалиялардын көбөйүшү (43%) өзгөчө тынчсызданууну жаратууда
Негизги сөздөр
атмосфералык аба; атмосфералык абанын булганышы; дем алуу органдарынын оорулары; шишик оорулары; тубаса аномалиялар; чаң; күкүрттүн диоксиди; азот кычкылы жана диоксиди; формальдегидЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар