Аннотация
Максаты. Бул ретроспективдүү изилдөө спонтандык супратенториалдык мээге кан куюлууну дарылоодогу үч хирургиялык кийлигишүүнүн эффективдүүлүгүн жана коопсуздугун баалоого багытталган. Материал жана ыкмалар. Жалпысынан спонтандык супратенториалдык мээге кан куюлуусу бар 63 бейтап 3 тайпага рандомизацияланган. А тайпасында (n = 21) баш сөөк трепанациясы аткарылган, В тайпасында (n = 22) - фрезеотомия, урокиназа инфузиясы жана катетерлик дренаждоо, ал эми С тайпасында (n = 20) - нейроэндоскопиялык хирургия жасалган. Операция учурунда гематоманы алып салуу ылдамдыгы 3D Slice программалык камсыздоонун жардамы менен талданган, ал эми операциянын орточо убагы, операция учурундагы визуализация, декомпрессиялык эффект, өлүм, Глазго комалар шкаласы боюнча жакшыруу, кабылдоолор, ошондой эле кайталап кан куюлуу, пневмония, баш сөөк ичиндеги инфекция, нч тайпа ортосунда тсалыштырылган. Натыйжалар. Бардык процедуралар ийгиликтүү аяктаган, гематоманы алып салуу жыштыгы үч тайпа ортосунда ишенимдүү айырмаларды көрсөттү, алар төмөнкү тартипте 79,8%, 43,1% жана 89,3% болду (Р<0,01), С тайпасында өзгөчө жогору болгон. В тайпасы азыраак жаракаттуу жана операцияны аткаруу убагы эң кыска болду, бирок гемостаз жоктугунан кайталап кан куюлуу көбүрөөк байкалган (Р = 0,03). Кабылдоолор ар түрдүү болгонуна карабастан, пневмония, баш сөөк ичиндеги инфекция, жалпы абалдын жакшыруусу жана өлүм боюнча сезимдүү өзгөрүүлөр аныкталган эмес. Корутунду. Бул үч ыкманын өздөрүнө жараша өзгөчөлүгү жана жетиштестиги да болгон, ар бир ыкмага супратенториалдык мээге кан куюлууну дарылоодогу өзүнө ылайык көрсөтмөлөрү да болгон. Нейроэндоскопиялык техниканын минималдуу инвазивдүүлүгү, түз көрүү, гематоманы алуудагы эффективдүү ылдамдыгыной жана натыйжанын салыштырмалуу оптимистиги, бул ыкманы спонтандык супратенториалдык мээге кан куюлууну дарылоодо көбүрөөк перспективдүү деп саноого шарт түзөт
Негизги сөздөр
баш сөөк трепанациясы; аз инвазивдүү хирургия; нейроэндоскопия; спонтандык супратенториалдык мээге кан куюлууЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар