Аннотация
Жаш өткөн сайын адамдын физиологиялык муктаждыктары, айрыкча тамактануу жагынан өзгөрөт. Кыргызстандагы кары жана улгайган адамдардын санынын өсүшү алардын тамактануу өзгөчөлүктөрүн изилдөөнүн зарылдыгын көрсөтүп турат. Жаш өткөн курактын өзгөчөлүктөрүн жана азыркы демографиялык тенденцияларды эске алуу менен биз төмөнкүдөй изилдөө максатын койдук: Бишкек шаардык социалдык стационардык мекемеде жашаган кары жана улгайган адамдардын күнүмдүк тамак-аш рационуна гигиеналык мүнөздөмө берүү. Материалдар жана ыкмалар. Социалдык мекемеде жашаган кары адамдардын тамактануу сапатын баалоо үчүн алардын күнүмдүк рациону бир жыл бою гигиеналык, эпидемиологиялык жана статистикалык ыкмалар менен талданды. Кардашенко В.Н. методикасы боюнча 120 меню-раскладка (жылдын ар бир мезгилинен 30 күн) талданды. Натыйжалар. Кары адамдардын тамактануу рационун талдоо алардын чыныгы азык заттарды керектөө нормасы менен фактылык керектөөсүндө олуттуу айырмачылыктар бар экендигин көрсөттү. Нан жана дан азыктарынын, канттын эсебинен углеводдорду ашыкча жешкени байкалды, бул семирүүнүн жана кант диабетинин өөрчүшүнө алып келиши мүмкүн. Ошол эле учурда кары адамдардын ден соолугун сактоо үчүн зарыл болгон белок, витамин жана минералдык заттардын жетишсиздиги байкалат. Жыйынтыктар. Келип чыкан жыйынтыктар социалдык стационардык мекемелердеги кары адамдардын тамактануу сапатын жакшыртуу боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгуу жана киргизүү зарылдыгын көрсөтүп турат. Менюну оптималдаштыруу, жашылча- жемиштердин, майсыз сүт азыктарынын жана балыктын үлүшүн көбөйтүү керек. Ошондой эле тамактанууну үзгүлтүксүз көзөмөлдөп туруу жана мекеме кызматкерлери жана карылар арасында санитардык-агартуу иштерин жүргүзүү маанилүү
Негизги сөздөр
тамак-аш топтому; кары жана улгайган адамдар; күнүмдүк тамактануу рациону; сунушталган керектөө нормасы; тамак-аш азыктарын керектөө деңгээлиЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар