Аннотация
Азыркы учурда Кыргызстанда тоо-кен өндүрүшү жанданып, өнүгүп жатат. Негизинен алтын кендерин иштетүү жүрүп жатат. Ошондуктан, силикоз көйгөйү өзгөчө актуалдуулукка ээ болду. Изилдөө максаты: казып алуу тармагында силикоздун формаларын изилдөө. Материалардар жана методдор: макалада макалада Кен ишканасынын жер астындагы шарттарында иштеген 35 силикоз менен ооруган бейтаптарды клиникалык жана рентгенологиялык (анын ичинде компьютердик томография) изилдөөнүн жыйынтыктарынын анализи берилген. Жыйынтыктар. Оорулуулар Кыргыз Республикасынын Саламаттык Сактоо Министрлигинин Улуттук госпиталынын кесиптик патология бөлүмүндө текшерилди, анткени медициналык кароодон өтүүдө өпкөсундө өзгөрүүлөр аныктылган. Ар бир бейтаптын кесиптик маршруту изилденди. Ошондой эле аймактык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин адистери тарабыннан түзүлгөн эмгек шарттарынын санитардык- гигиеналык мүнөздөмөлөрүнүн маалыматтары изилденди. Текшерилген бейтаптардын клиникалык картинасы изилденди, рентгенологиялык өзгөрүүлөр, анын ичинде компьютердик томография жүргүзүүдө аныктылган өзгөрүүлөр такталды. Кан анализиндеги өзгөрүүлөрдү изилдөө жүргүзүлдү. Жүргүзүлгөн изилдөө алтын кенинин жумушчуларында азыркы учурда прогрессивдүү, татаалдашкан силикоз формаларынын устөмдүгүн көрсөттү. Изилдөө корутундусу: жүргүзүлгөн талдоонун негизинде бул оорунун өнүгүшүн профилактикалоого багытталган гигиеналык жана медициналык иш-чараларды иштеп чыгуу жана киргизүү зарылдыгы негизделген
Негизги сөздөр
силикоз; кичиникей түйүндүү жана чоң түйүндүү рентгенологиялык карангылыктар; кургак учук; силикоартрит; алдын алууЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар