Том 17, № 1, 2025 / Барактар 45-57

Атеросклероздон келип чыккан жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоодо айкалышкан липидди төмөндөтүүчү терапиянын (розувастатин/эзетимиб) орду

Кабыл алынган убакыт 14.10.2024
Түзөтүлгөн 23.01.2025
Кабыл алынган 28.02.2025

Аннотация

Жүрөк-кан тамыр оорулары дүйнө жүзү боюнча өлүмдүн негизги себеби болуп саналат. Мындан тышкары, алардан өлүм жыл сайын көбөйүп, негизги үлүшү атеросклероздук оорусу менен шартталган. Бүткүл дүйнө жүзү боюнча атеросклероздук оорусу жогорку таралышы бейтаптарда бир катар коркунуч факторлорунун болушу менен шартталган. Жогорку кан басымы, кант диабети, тамеки чегүү, физикалык кыймылсыздык, семирүү сыяктуу белгилүү факторлордон тышкары, гиперлипидемия атеросклероздук оорусу өнүгүшүндө маанилүү роль ойнойт. Ошентип, тыгыздыгы төмөн липопротеиндер холестеринин деңгээли жогору болгон адамдарда нормалдуу деңгээли бар адамдарга караганда атеросклероз оорусунун өнүгүү коркунучу 2 эсе жогору. Ошондуктан, атеросклероз оорусу менен күрөшүүдө алдын алуу чаралары катары, ашыкча салмак, тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди токтотуу, физикалык кыймылсыздык, гипергликемия, жогорку кан басымы, сыяктуу факторлор менен гана эмес, ошондой эле гиперхолестеринемияны контролдоо зарыл. Статиндер  атеросклероз оорусу жана аны менен байланышкан атеросклероз оорусу өнүгүшүн алдын алууга багытталган дары катары, негизги жана экинчилик алдын алууда колдонулган эң көп изилденген дарылар болуп саналат. Бирок, статиндерди колдонуп жатканда, бейтаптардын болжол менен 1/3 холестерин максаттуу деңгээлге жетет. Мындан тышкары, кээде (өтө сейрек болсо да) терс таасирлери, анын ичинде миопатия жана рабдомиолиз, кант диабетинин жаңы учурлары пайда болушу мүмкүн. Холестерин максаттуу деңгээлине жетүү жыштыгын жогорулатуу жана терс таасирлердин пайда болуу коркунучун азайтуу үчүн синергетикалык аракет механизми бар липидди төмөндөтүүчү дарыларды айкалыштыруу жана аларды 1 таблетканын ичинде колдонуу сунушталат. Мындай айкалышы - ичегидеги холестеролду кайра сиңирүүгө тоскоол болгон статин + эзетимиб. Эң чоң гиполипидемиялык таасири бар Розувастатин, статин катары сунушталат. Розувастатин + эзетимибдин айкалышы статиндик монотерапияга караганда төмөн липопротеиндер холестеролунун төмөндөтүү жана терс таасирлердин өнүгүшүн азайтуу жагынан артыкчылыкты көрсөттү

Негизги сөздөр

атеросклероздук оору; холестерин; төмөн тыгыздыктагы липопротеин холестерини; гиперхолестеринемия; статин; эзетимиб

Цитаталоо

APA Style
Mirrakhimov, E. (2025). The role of combined lipid-lowering therapy (rosuvastatin/ezetimibe) in the treatment of cardiovascular diseases caused by atherosclerosis. Eurasian Health Journal, 17(1), 45-57. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-1-45
Copied!
Vancouver Style
Mirrakhimov, E.. The role of combined lipid-lowering therapy (rosuvastatin/ezetimibe) in the treatment of cardiovascular diseases caused by atherosclerosis. Eurasian Health J. 2025;17(1):45-57. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-1-45
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар