Аннотация
Бүт дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, бейтаптардын 26%га жакыны ар кандай себептерден толук алынуучу протездерди колдонушпайт. Макалада Бишкек шаарындагы шаардык тиш дарылоо ээмканалардын ортопедиялык бөлүмдөрүндөгү ортопед-стоматологдор жана техниктердин арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде толук алынуучу протездерди жасоодо көп учурда кездешкен каталардын талдоосунун жыйынтыктары берилген. 75 ортопедиялык стоматолог жана 81 тиш техниги сурамжыланган. Анкета дарыгерлерге 8 суроо жана тиш технигдерге 14 суроону камтыган. Тилекке каршы, изилдөөнүн жыйынтыгында толук алынуучу протездерди жасоо процессинде клиникалык жана лабораториялык этаптарда бир нече эрежелердин бузулушу аныкталган. Толук алынуучу протездерди жасоодо врачтардын да, техниктердин да иш-аракетинде алгоритмди сактабоо же жасоо процессинде материалдардын колдонуу боюнча нускамаларды эске албоо протездердин сапатсыз болушуна алып келет. Бардык клиникалык жана технологиялык этаптардагы каталарды жоюу аркылуу толук алынуучу протездерди жасоо технологиясын оптималдаштыруу протездин сапатын жана анын функционалдык натыйжалуулугун жогорулатат. Бейтаптар сапаттуу протездерге тез ыңгайлашат, бул даярдалган протездерди колдонуудан баш тартуунун себептерин азайтат
Негизги сөздөр
эпидемиология; толук адентия; толук кийме протездер; клиникалык жана технологиялык каталар; сурамжылоо маалыматтарыЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар