Том 17, № 1, 2025 / Барактар 272-278

Кыргызстанда мээ инсульт оорусу жана өлүмү

Кабыл алынган убакыт 02.10.2024
Түзөтүлгөн 14.01.2025
Кабыл алынган 28.02.2025

Аннотация

Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 15 миллион адам инсульттан жабыркайт. Алардын 5 миллиону көз жумса, дагы 5 миллиону өмүр бою майып болуп, үй-бүлөлөргө жана коомго оорчулук келтирет. Изилдөөнүн максаты: Кыргыз Республикасында  инсульт оорусуна чалдыгуу жана өлүм көрсөткүчтөрүнө эпидемиологиялык талдоо жүргүзүү. Материалдар жана методдор. 2018-2022-жж. республика боюнча оорулардын жана инсульттан өлгөндөрдүн жылдык расмий статистикалык жыйнактарынын маалыматтары боюнча оорулуулардын (биринчи жолу катталган учурлар) жана инсультттан каза болгондордун динамикасын баалоо үчүн статистикалык көрсөткүчтөр эсептелген. Жыйынтыктар. Биз 5 жыл ичинде республиканын администрациялык-аймактык бирдиктери боюнча ооруга чалдыгуу жана өлүмгө учуроо маалыматтарына анализ жүргүздүк. Өлкөнүн региондору боюнча оорунун жана өлүмдүн орточо көп жылдык көрсөткүчү ар кандай жылдарда олуттуу айырмачылыктарга ээ, көптөгөн аймактарда бул көрсөткүч республикалык деңгээлден жогору. "Кан агуу же инфаркт деп такталбаган инсульт" диагнозу республиканын бардык региондорунда кыйла жогорку деңгээлге ээ. Ооруга чалдыгуунун жана өлүмгө учуроонун статистикалык маалыматтарынын салыштырма талдоосу инсульттан өлүмгө учуроонун көрсөткүчтөрү жалпы республика боюнча, ошондой эле облустар боюнча ооруга чалдыгуунун көрсөткүчтөрүнөн кыйла жогору экендигин көрсөттү. Тыянактар: региондор боюнча өлүмгө учуроонун жана ооруга чалдыгуунун деңгээлинин олуттуу айырмачылыгы, ошондой эле алардын республикалык көрсөткүчтөрдөн ашып кетиши статистикалык маалыматтардын аныктыгына шек туудурат. Мээ кан тамыр оорулары боюнча дарылоо жана алдын алуу иш-чараларынын сапатын так талдоо жана пландаштыруу үчүн инсульт статистикасын иретке келтирүү керек

Негизги сөздөр

оорунун жана өлүмдүн деңгээли; инсульт; мээ кан тамыр оорулары; орточо көп жылдык деңгээл; такталбаган инсульт

Цитаталоо

APA Style
Yrysova, M. (2025). Morbidity and mortality from strokes in Kyrgyzstan. Eurasian Health Journal, 17(1), 272-278. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-1-272
Copied!
Vancouver Style
Yrysova, M.. Morbidity and mortality from strokes in Kyrgyzstan. Eurasian Health J. 2025;17(1):272-8. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-1-272
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар