Том 17, № 1, 2025 / Барактар 263-271

Көк жөтөлдүн Кыргыз Республикасынын региондорундагы жаш курак боюнча абалы, 2014-2024-ж.

Кабыл алынган убакыт 04.09.2024
Түзөтүлгөн 22.01.2025
Кабыл алынган 28.02.2025

Аннотация

Макалада 2014-2024-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын региондору боюнча көк жөтөл оорусу жаш курак аспектинде көрсөтүлгөн. Анализделген жылдары Көк жөтөлдүн үч эпидемиялык көтөрүлүшү (2015-2016-жж., 2018- 2019-жж. жана 2023-2024-жж.) катталган дагы. динамикада интенсивдик көрсөткүч жогорулаган (4,70/0000 - 3,20/0000, 9,60/0000 - 6,80/0000 жана 27,40/0000 - 46,70/0000, тиешелүүлүгүнө жараша). Эгерде алгачкы эки эпизоддо эпидемиялык кырдаал ар башка аймактарда айырмаланса (кээ бир аймактарда оорунун каттоосу жок болуп, ал эми айрымдарында жогору болгон), акыркы жылдары кичине балдардын прогрессивдүү оорусуна жана өспүрүмдөр менен чоңдордун катышуусуна байланыштуу инфекциянын кеңири жайылышы байкалды. Белгилей кетсек, акыркы жылдары өлкөнүн түндүк региондорунда оорулуу балдардын саны барган сайын өсүүдө, ал эми Ош жана Баткен облустарында ал көрсөткүч азайууда. Оорунун 2014-2024-жж аралыгындагы кумулятивдик көрсөткүчүнүн эң жогорку деңгээли Бишкек шаарында (413,5 100 000 калкка карата (0/0000)) жана Чүй облусунда (207,00/0000) катталган. Тизменин ортонку бөлүгүн Талас (45,60/0000), Ысык-Көл (28,90/0000), Нарын (19,40/0000) облустар ээлешкен, ал эми түштүк региондор салыштырмалуу эпидемиялык туруктуулукка ээ болушкан (Ош шаары – 10,80/0000; Жалал-Абад – 7,70/0000; Баткен – 2,10/0000; Ош – 1,30/0000 облустары)

Негизги сөздөр

оору; көк жөтөл; балдар; өспүрүмдөр; чоңдор; областар; Кыргыз Республикасы

Цитаталоо

APA Style
Uralieva, M., Ishenapysova, G. & Nogoibaeva, K. (2025). The incidence of whooping cough by age in the context of the regions of the Kyrgyz Republic, 2014-2024. Eurasian Health Journal, 17(1), 263-271. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-1-263
Copied!
Vancouver Style
Uralieva, M., Ishenapysova, G., Nogoibaeva, K.. The incidence of whooping cough by age in the context of the regions of the Kyrgyz Republic, 2014-2024. Eurasian Health J. 2025;17(1):263-71. https://doi.org/10.54890/1694-8882-2025-1-263
Copied!

Колдонулган булактар

Жарыялоо процессиндеги булактар