Аннотация
Макалада 2014-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунун контекстинде менингококк инфекциясы менен ооругандардын жаш курактык аспектисинде эпидемиологиялык анализдин жыйынтыктары берилген. Акыркы 10 жылдагы менингококк инфекция дартынын узак мөөнөттүү динамикасын талдоо көрсөткөндөй, эң жогорку деңгээл 2014-2016-жж. аралыгында жана 2023-ж. катталган. Бүткүл республика боюнча, COVID-19 пандемиясынын учурунда менингококк инфекциясы менен ооруугандар Бишкек шаарында жана Ош облусунда гана катталган. Талдоо жүргүзүлүп жаткан мезгилдеги өлкөнүн жыйынды көрсөткүчү 100 000 калкка 38 учурду түздү (0/0000); ооруга көбүнчө14 жашка чейинки балдар чалдыккан (1600/0000), өспүрүмдөр эки эсе азыраак ооруган (76,50/0000); ошондой эле 18 жаштан жогорку адамдар тартылган (23,10/0000). Кыргызстанда оорунун жогорку деңгээли Бишкек (59,00/0000), Ош шаарында (38,20/0000) жана Чүй облусунда катталган (14,90/0000). Талас (6,60/0000), Баткен (6,50/0000), Нарын (6,30/0000) жана Ош (5,80/0000) сыяктуу аймактарда оору дээрлик бирдей деңгээлде болгон. Ысык-Көл (2,70/0000) жана Жалал- Абад облустарында (2,70/0000) интенсивдүү көрсөткүчтөр салыштырмалуу төмөн болгон. Жыйынтыктап айтканда, Кыргыз Республикасында 2014-2024-жж. менингококк инфекциясынын циклдик өсүшү 2014-2016-жж. жана 2023-ж. байкалган, ал эми эпидемиялар аралык мезгилди алсак 8 жылды түзгөн. Эгерде ар бир 8-15 жыл сайын менингококк инфекциясынын циклдик өсүшүн эске алсак, анда 2022-жылдан тартып дарттын акырындык менен өсүшү, республикада менингококк инфекциясынын жаңы эпидемиялык циклдын башталышы болуп саналат. Ушул себептен өлкөдө профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү абзел. Чоң шаарларда оорунун жогору болушу, балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасында эң көп катталышы, жабык жайларда массалык иш-чараларды өткөрбөө жана калктын өз эсебинен эмдөөнү сунуштоо боюнча, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү талап кылат
Негизги сөздөр
менингококк инфекциясы; эпидемиология; ооруу; балдар; өспүрүмдөр; чоңдор; аймактар; Кыргыз РеспубликасыЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар