Аннотация
Акыркы он жыл ичинде стоматология тармагында диагностика, дарылоо, пландоо жана алдын алуу иштерин түп-тамырынан өзгөрткөн технологиялык жетишкендиктер болду. Бул макала клиникалык практикада кеңири колдонууга ээ болгон он негизги инновацияны талдайт: 3D басып чыгаруу, санарип стоматологиясы (CAD/CAM технологиялары), интраоралдык сканерлер, лазердик технологиялар, минималдуу инвазивдик ыкмалар, стволдук клеткалар менен тиш регенерациясы, имплантологиядагы навигация системалары, жасалма интеллект, заманбап стоматологиялык материалдар жана телемедицина. Ар бир технология стоматологиялык кызмат көрсөтүүнүн тактыгын, сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөштү. Айрыкча, бейтаптын өзгөчөлүктөрүнө ылайык жекече дарылоо ыкмаларына басым жасалат. Жасалма интеллекттин радиографияны чечмелөөдөгү жана дарылоону автоматташтыруудагы ролу, ошондой эле телемедицинанын жеткиликтүүлүктү жакшыртуудагы мааниси да каралат. Салыштырма таблицалар жана графиктер бул технологиялардын натыйжалуулугун жана практикадагы колдонулуш деңгээлин көрсөтөт. 15 илимий булагынын негизинде, автор замандын талабына ылайык билимди үзгүлтүксүз жаңыртып туруу жана кесиптик кызматташтык керек деген тыянак чыгарат
Негизги сөздөр
стоматология; инновация; 3D басма; CAD/CAM; лазер; жасалма интеллект; биоматериалдар; телемедицина; регенерация; диагностикаЦитаталоо
Колдонулган булактар
Жарыялоо процессиндеги булактар